www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында карантин эрежесин бузгандар полиция кызматкерлеринен качып, караоке бардын экинчи кабатынан секирген. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, окуянын чоо-жайын казак басылмалары жазып чыгышты.

"Кайгуулда жүргөн полиция кызматкерлери SOVA аталышындагы караоке-бардын алдынан топтолгон кишилерди байкаган. Жакындап келген тартип сакчыларын көргөндөр имараттын ичине кире качкан. Администратор менен кардарлар карматпоонун айласын кылып экинчи кабаттан секирген. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Нур-Султан шаарынын полиция департаменти топтолгон материал тиешелүү жактарга берилерин жана аталган жай карантин талабын буга чейин бир нече ирет бузганын билдирген.

Белгилей кетсек, Казакстандын бир катар шаарларында эпидемиологиялык абалдан улам көңүл ачуучу жайлардын иштешине тыюу салынган. 

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Посетители караоке-бара выпрыгивали со второго этажа, убегая от столичных полицейских Происходило это 25 октября в караоке-баре SOVA, где уже были неоднократно выявлены факты нарушения карантинного режима. К счастью никто не пострадал. В отношении владельца заведения материал направлен в Управление контроля качества и безопасности товаров и услуг для принятия процессуального решения. https://youtu.be/EZJi3LW2h_Q t.me/zakonkz

Публикация от @kris_p_kz +21 | 🇰🇿Kz (@kris_p_kz)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости