www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын Шайлоочулар коллегиясы демократ талапкер Жо Байдендин 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоодогу жеңишин тастыктады. Калифорния штатынан 55 шайлоочунун добушуна ээ болгон соң, Байден президенттикке шайлануу үчүн топтоого зарыл болгон 270 добуштун босогосунан өттү. Эми өлкөдө калган штаттардагы добуш берүү аяктаган соң, жалпысынан Байденге 306 добуш берилээри күтүлүп жатат. Бул жыйынтык тастыкталса, анда республикачылардын өкүлү, азыркы президент Доналд Трампка болгону 232 добуш тиймекчи.

Шайлоочулар коллегиясынын добушу демейде калайык анчейин этибарга албаган бюрократтык кадам катары кабыл алынып келчү. Бирок бул жылы ага алда канча олуттуу назар бурулду, анткени президент Трамп өзүнүн жеңилгендигин мойнуна албай келди. Ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу далаалатын жасап, 40тан ашуун арызды ар кыл сотторго жолдоду, бирок анын далаалаты майнапсыз аяктады. Эки ирет ал АКШнын Жогорку сотунда жеңилүү ызасын тартты.

Шайлоочулар коллегиясынын системасы 538 добушту ар кыл штаттарга (алардагы калайыктын санына ылайык) бөлүштүрүүгө негизделген. Добуш берүү бүткүл өлкө аймагында өткөрүлдү.

Эми 14-декабрдагы иш-чара толук аяктаган соң, добуш берүү жыйынтыктары Вашингтонго жиберилет. Бул жыйынтык 2021-жылдын 6-январында АКШнын Конгрессинин эки үйүнүн орток отурумунда расмий жарыяланат. Мыйзамга ылайык, АКШнын вице-президенти Майк Пенс Конгресстин биргелешкен отурумуна төрагалык кылмакчы.

Дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн жетекчилери буга чейин эле Жо Байденди президенттикке шайланышы менен куттуктоого үлгүрүштү. Ал өзү болочокку өкмөттүн курамын түзүү боюнча аракеттерге эмитеден киришти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости