www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурдагы Россия менен Украинанын ортосундагы чыр, согуштук конфликт дүйнө жүзүндө геосаясий алаканы, экономикалык агымды өзгөртүп жатат.
Россия Украина менен эмес, Америка, НАТО бүтүндөй Европа өлкөрү менен тирешип, кармашууда. Украина бул жерде өз эгемендиги үчүн күрөшүп жаткандай көрүнгөн Америка менен Батыштын куурчагы болууда.
Ырасында, Америка Украинаны согуш талаасына айлантуу аркылуу Батыш өлкөлөрүн, Россияны дагы алсыздандырып, өзүнүн дүйнөлүк гегемония саясатын, үстөмдүгүн орноткусу келүүдө.
Дегенибиз, Украинанын өндүрүшү, айыл чарбасы, инфраструктурасы, экономикасы кыйрады. Дээрлик 20-30 жыл артка кетти. Ал эми Американын диктовкасы менен Россияга салынган санкциялар Европа өлкөлөрүнүн экономикасын алсыздандырды. Арийне, мындай абал Россиянын экономикасына байланган Борбордук Азия өлкөлөрүн кыйгап өткөн жок. Инфляция өстү.
Бүгүнкү күндө санкциялардан Россия гана жабыр тартып, экономикасы отуруп жаткан жок. Европа товарын экспортко чыгарып, миллиарддаган киреше тапкан 200 миллиондук рыноктон ажырады. Бул бир.
Экинчиден, санкцияга жооп кылып Россия арзан газын бербей жаап салды. Европанын өндүрүшү, энергетикалык коопсуздугу Россиянын газына байланган. Натыйжада, үйлөрү кышкы суукта жылуулуксуз калып, эли азап чегүүдө. Газ жок, өндүрүш тармагы аксап, ири чыгымга учурап жатат. Мен-мен деген чоң компаниялар активдерин Америкага чыгарып кетишүүдө. Мунун айынан жумушсуз калгандардын саны өстү. Кымбатчылык каптады. Эли социалдык жарылууга жетейин деп калды.
Европаны кыңк эткизбей чеңгелдеп туруу үчүн Америкага ушул керек эле. Анткени, Европа өлкөлөрү (Германия, Франция, Италия, Польша, Белгия, Швеция ж.б.) байып, Америкага тең ата болуп, баш ийбеген, өз алдынча тоң моюндук саясат жүргүзүп калышканы жакпай келген. Эми минтип экономикасы алсызданып, Американын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен Араб мамлекеттеринен ташып кетип жаткан газы менен нефтисин кымбат баада сатып алууга көз каранды болууда. Ошол эле кезде Америкага чыгып кетип жаткан кирешелүү ири компанияларынан кол жуушуп, ичтеринен кан өтүүдө.
Тарыхка көз салсак, Америка жеке кызыкчылыгын көздөгөн экспансиялык саясат жүргүзүп келгенин көрөбүз. Америка мурдун тыккан жерде чыр, согуш. Вьетнамды эмне кылды? Югославияны асманга сапырып алтыга бөлүп жиберди. Бир улут Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны сөөк өчтү душманга айлантты. Санай берсек бүтпөйт. Сөзүбүз куру болбосун, дагы да болсо айрым урунттуу жандайларга көз чаптырып көрөлү.
АКШ СССР менен күрөшүү үчүн “ал-Каиданы” түзүп, талибдердин түзүлүшүнө чоң салым кошкон. Жыйынтыгын көрүп жатабыз. Дээрлик 40 жылдан Афганистанда согуш бүтө элек. Ачарчылык. Караңгылык.
АКШ Саддам Хусейнди Иран менен согушта “жараткан” анан ал жок кылынды. Ушундай эле тагдыр Ливиянын лидери Муаммар Каддафиге да туш келди.
Америка Кошмо Штаттары жана башка Батыш саясатчылары Башар Асад Лондондо жашап жүргөндө аны жолугушуу үчүн кезекке туруп, аны улуу агасы Базилдин “тактыга” чыгуу укугун талашууга көндүрүшкөн.
Анан алар «демократиялашкан» Башар тил алчаак куурчак болот деген үмүт менен Базилди өлтүрүүнү уюштурушту.
Себеби өнөктөштөрү менен бирге Катардан Сирия аркылуу Европага газ куурун тартууну көздөштү. Бирок Башар Ассадды көндүрө алышпай айлалары кетти. Анан Асадды бийликтен кетирүүгө аракет кылышты. Бирок азырынча бул максаттары ишке ашкан жок. Ийгилик бул ирээт алар тарапка оободу. Башар Асад Россиянын көмөгү аркылуу бийлигин сактап калды.
Негизи Саддам Хусейн кулатылгандан кийин башаламандыкка батып калган Иракта Батыштын атайын кызматтары ИГИЛ сыяктуу террордук топторду түзүшкөн. Максаттары Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн баш көтөртпөй башаламандыкта кармап, нефти-газына ээлик кылып, байлыгын соору эле. Ошол максаттары жарым жартылай аткарылды.
Айткандай, Түркиядагы 1960, 1980-жылдардагы мамлекеттик төңкөрүштүн жана 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинин артында АКШ турганы да эске сала кетели.
Американын акыркы аракетин Түркиянын башчысы Эрдоган өзү да тастыктады. Ошол эле учурда Анкара НАТОнун аскердик альянсындагы маанилүү аскердик өнөктөштөрдүн бири. Америка өнөктөш экенине да карабай Турциянын бийлигин алмаштырууга кызыкдар болду. Ушунун өзү эле Америка геосаясатта өз кызыкчылыгын ишке ашырыш үчүн, жолундагы кимди болсун курмандыкка чалып кете бере турганын далилдеп койду.
Эми АКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен “достукту” чыңдоону чечип, чөлкөмдөгү Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттери менен “мамилелерди өнүктүрүүгө” киришти.
Бирок, бул «достук» экинчи артыкчылык катары Орусия жана Кытай сыяктуу Борбордук Азия өлкөлөрүнө таасири күчтүү "оюнчуларды", башкача айтканда, геосаясий атаандаштарды сүрүп чыгаруу жана таасирин азайтуу үчүн гана керек. Ал тургай бул алардын жаңы доктринасында жазылган, бул үчүн расмий түрдө 600 миллион доллар бөлгөн.
Ал түгүл, Вашингтон Орусиянын таасирине каршы туруу үчүн 290 миллион доллар, Кытайдын таасирине каршы күрөшүү үчүн 300 миллион доллар жөнөтүү боюнча мыйзам долбоорун Дональд Трамптын учурунда эле жактырган.
Демек, Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери өздөрүнүн каталарынан эмес, башкалардын каталарынан сабак алууга тийиш. Антпесе, Америка жайган торго чалынышса, жалпы регионго тийгизген кесепети оор болушу мүмкүн.
Ал эми бүгүнкү күндө алардын региондогу өлкөлөрдөгү дипломаттарын ротациялоосу да кокусунан эмес көрүнөт, бул Вашингтондун аймактагы жаңы эски саясатын ишке ашыруунун алгачкы гана кадамы.
Ошондой эле, Ооганстанда 20 жылдык экспансиядан кийин америкалыктар аны жөн жерден таштап кетишкен жок, ал жерде көп сандагы курал-жарактарды калтырып коюшкан. Бүгүнкү күндө алар ал жерде кайрадан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачууну максат кылып жатышканы боюнча маалымат айтылып жатат.
Кыскасы, Америка дүйнөлүк гегемониялык саясатын жүзөгө ашырып, улуу держава катары үстөмдүк кылуу үчүн эгемендүү өлкөлөрдү бири-бирине тукуруп, ар дайым кооптуулукта, коркунучта, кастык мамиледе кармап турууга кызыкдар.
Андыктан, Кыргызстан ким кас, ким дос экенин так ажыратып, мамлекеттин кызыкчылыгында гана туура саясий багытта жаңылбай иш алып барышы милдет...
Булак: NazarNews.kg