www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов айрым медиауюмдардын «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам боюнча кайрылуусуна түшүндүрмө берди.

«Өзүңүздөр билгендей, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелешкен. 2020-жылдын август айында өлкөнүн ошол кездеги Президенти Сооронбай Жээнбеков бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, аны Жогорку Кеңешке кайтарган.

Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Президенттин каршы пикири боюнча макулдашылган топ түзүү жөнүндө маселени өз жыйынында карашы керек эле.

Макулдашуу тобу менен маселени дагы бир жолу иштеп чыгуу максатында Президенттин Аппараты аталган маселени кароодон алып коюуну өтүнгөн», - дейт Нургазы Анаркулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости