www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда антрополог Ахмади сегиз жылга кесилди

Иранда британ жарандыгын алып жүргөн ирандык антрополог Камил Ахмади сегиз жылга кесилди. Бул тууралуу анын адвокаты Амир Раэсян кабарлап, окумуштууга «каршылаш өлкөнүн өкмөтү менен кызматташкан» деген айып коюлганын билдирди. Адвокат сот өкүмүнө каршы доо арыз берерин «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Ирандагы жарым-жартылай өкмөттүк «Тасним» агенттиги Ыңкылап соту окумуштууну тогуз жылга кесип, 727 миң доллар айыпка жыкканын жазып чыкты. Учурда Ахмади жазасын өтөй баштаганы боюнча маалымат тактала элек.

Буга чейин окумуштуу «Твиттердеги» баракчасына өткөн жылы да 100 күндүк түрмөгө кесилип, адвокаттын кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын жазган эле.

Ал ошондой эле Ирандын бийлигин илимий изилдөөлөрү үчүн куугунтукка алганы үчүн айыптап келген.

Камил Ахмади Ирандагы жашы жете элек өспүрүм кыздардын күйөөгө берилиши жана утурумдук нике сыяктуу маселелер боюнча изилдөөлөрү менен белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости