www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Анкара шаарынын Мэри Мансур Яваш менен жолугушуусу болуп ѳттү. Бул тууралуу маалыматты трт.нет билдирди. 

Тараптар Бишкек-Анкара шаарларынын ортосундагы достук жана боордоштук байланыштардын ар түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгын белгилеп, Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосунда боордоштук мамиле түзүү тууралуу сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүштү.

Жолугушууда Анкаранын борборунда улуу жазуучу “Ч.Айтматов” атындагы паркын ачуу жана элесине арналган эстелик тургузуу макулдашылды.

Экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризмди өнүктүрүү, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара агымын жана бизнес-коомчулугунун түздѳн-түз байланыштарын түзүү үчүн, Элчи К.Өмүралиев Бишкек жана Анкара шаарларынын ортосунда түз аба каттамын ачуу максатка ылайыктуулугун белгиледи жана М.Явашты Кыргызстанга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости