www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медициналык адистиги бар мигранттарга Орусиянын жарандыгы алуу жеңилдетилет. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Орусияда онколог, психиатр, ортопед, окулист, невролог, тез жардам фельдшерлери жана башка адистер жетишпейт. Эмгек министринин жетекчилиги кадр маселесин чечүү жолун таап чыгышты, алар бул көйгөйдү мигранттардын эсебинен жок кылууну сунушташты. Аталган министрлик  сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн тартылган врачтарга Орусиянын жарандыгы жеңилдетилип берилет. Айрыкча, мурунку СССРге кирген өлкөлөр – Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Азербайжандан адистерди тарткысы келишет.

Бир гана Свердлов облусунда 2019-жылдын башына карата 4 миңдей дарыгер жетишпегендиги айтылды. 

Орус бийлиги мигранттардын эсебинен саламаттыкты сактоо тармагынын эле эмес, демография боюнча көйгөйлөрдү да чечүүнү каалашат. Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин божомолу боюнча, 2024-жылга чейин Орусиянын калкынын саны чет өлкөдөн келгендер аркылуу гана өсөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости