www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын биринчи президенти, Аскар Акаев "Жаңы Ордо" гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиевди куттуктады. Анын куттуктоосун аталган гезит бетине чыгарды. 

Аскар Акаевдин куттуктоосун төмөндө эч өзгөртүүсүз беребиз:

Кыргыздын азамат уулдарынын бири Бекен Назарлиевдин 60 жашка толгонун угуп, өзүмдүн пикир, каалоомду айтууну туура көрдүм.

Мындан беш жыл мурда Назаралиевден мага маек куруу сунушу түшкөндө менде таң калуу сезими болгон эле. Анткени ал мурда менин адресиме сын айтып жүргөнүн билээр элем. Ошентсе да мен жолугушууга макулдук бердим жана ага кубанычтамын. Экөөбүз бир күн, эртеден-кечке, кеңири маек курдук.

Ал күнү мен Бекен Назаралиевдин калыстыкты туу тутунган, бийик интеллекттүү журналист экендигин, ички маданияты жана адамгерчилик сапаттары абдан жогору экендигин даана көрдүм. Бекен Назаралиевди мааракет менен чын жүрөктөн куттуктап, ага ден-соолук, бакты-таалай жана албан ийгиликтерди каалаймын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости