www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ж.Баласагын атындагы "Университет" пансионатынын директору Үмөт Акбашович сизге наалаттан башка сөз жок! 15 жаштагы небереңиздей кыздын көз жашынан корккон жоксуз. Зыркыратып биздин көз алдыбызда айлык маянасын толук бербей ыйлатып кетирдиңиз.

Мыйзам чегинде 15 жаштагы кыздарды ишке албашыңыз керек эле. Менин көз алдымда 15 жаштагы кыздардан экөөнү иштетип жүрдүңүз. Болуптур иштетиңиз... Жети бир тууган, майда бөбөктөрү болгон үчүн ата-энесине жүк болбой тыйын тапкысы келгендир. Айлык акынын аздыгына карабай менин көз алдымда илмеңдеп иштеп жүрүштү. Бирок аларды иштетип алып айлык акыларын толук бербегениңизге, небереңиздей кыздарга көз артканыңызга жол болсун. Бирөөсү бир ай иштеп колуна 3000 сомду сизден суранып атып алды. 1300 сомду дүкөн иштеткен иниңизге карызын кармап калдыңыз. Калганын салып жиберем деп, телефон чалса албай койгонуңузду арызданып мага айтып жүрдү.

Табелге ылайык анын айлыгы 7476 сомду түзгөнүн жазыптырсыз. 4476 сом дүкөнгө алып барып берген деп кантип жалган айттыңыз. 1300 сом дүкөнгө карыз экенин үч кыз жана мен дүкөндүн дептеринен көргөнбүз. 3000 сом колуна алып ыйлап кеткенин дагы төртөөбүз көрдүк. Ошондо 3176 сом сизге дүнүйө көрүндүбү? Автонунааңызга салып кетип, небереңиздей кызга интим сунуштагансыз. "Калп" десеңиз мен баш болуп тастыктап берем.

КУУда Админстративдик жана чарба иштери боюнча проректор Т.Ж.Суранаевди дос, туугандары менен аракка сугарып, коюңузду союп эки жолу үч күндөн коноктодуңуз. Ошентип Т.Ж.Суранаевдин жумушчулардын абалын сурап, жолугушуу өткөрүү милдети экенин унутуп, арактан көзү ачылбай жүргөнүнө өз көзүбүз менен күбө болуп жүрдүк. КУУнун башкы бухгалтери аты-жөнүн унуттум, ал эженин муздаткычындагы жарым бөтөлкө аракты таштанды чакага салып койсом, ошол аракты бухгалтер экөөбүз аз эле ичкенбиз калганы кана? -деп издеп мага телефон чалганыңызда, аныңызды алып колуңузга карматтым. Жарым бөтөлкө аракты ушунча издеп, тызылдаган сизге 3176 сом чоң бир дүнүйө болсо керек.

Регистратурада бир тууган эки жээн кыздарыңыз кызматта болду. Келиниңиз зав. зал, бир тууган келиниңиз повар болуп жүрдү. Иниңиз дүкөнүн иштетип жүргөнүн баарын жокко чыгарып, туугандары менен иштешпей эле 90 пайыз мурунку жумушчулар деп, Ж.Баласагын атындагы биздин улуу урматтуу ректорубуз К.Ж. Садыков агайыбыз оозу, мурду кыйшайбастан проректор Суранаев экөөңүздөрдү апакай кылып чыгарып, небересиндей үч кыздын жана менин өз көзүм менен көрүп, жазгандарыбызды жалган жалаа катары четке кагып, 1300 сомдун ордуна иниңиздин дүкөнүнө 4476 сом карызын төлөгөнү маалым болгон деп актап жооп жазган экен. 3176 сом маңдай тери менен тапкан акчасын кат жазып суранып атсак дагы, жалган сөз айтып бербеген силердей жеп жутаар журт башчыларга убал-сооп жок болду. Пансионатты жашылдандырганы тууралуу пикирлер, ыраазычылыктар айтылып жатат деп сизди аябай мактаптыр. Элементарный хлор жок. Жашылдандырды деп мактоолор келди дейт. Гүлдөргө суу жетпей соолуп турганына канча адам кейип жатты. Ошол гүлдөрдү өстүрүп, жашылдандырып жатып, ремонт кылганга жетишпей калдык дейсиздер. Сиздердей шылтоосу түгөнбөгөн, моралдык жактан бузулган адамдарга алыбыз деле жетпей калды го...

Ушунун баарын жалган десеңиздер, үчөөлөп менин үстүмдөн сотко кайрылыңыздар! Жазганыма жооп берем. Чындыкты чыркырап күйүп, мага душман болсоңуздар, колуңуздардан келсе аттырып кетиңиздер! Мындай нерсени көмүскөдө калтыруунун өзү күнөө деп эсептейм...

15 жаштагы, көп бир тууган, небереңиздердей кыздын маңдай тери менен тапкан 3176 сому дүйнө көрүнсө, көз жаш, убал сооптон коркпосоңуздар жыртык-тешигиңиздерди бүтөп алыңыздар! Үмөт Акбашов пансионатта ректордун буйругу менен эскертүү гана берилип, кайрадан башчы болуп дайындалганыңыз үчүн куттуктайм! Моралдык жактан бузулган сиздей адамдар акчасы менен жер сапырган заман! Бирок жазаңыздарды бул жашоодон сөзсүз алаарыңыздарды унутпаңыздар!

Бул тууралуу маалыматты Айнура Мамытова‎ өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости