www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анталия-Бишкек каттамында 150дөн ашуун авиажүргүнчү аэропортто 5 сааттан бери турат. Бул тууралуу маалыматты жеринен Жамила Боронбаева билдирди.
--Бишкек-Анталия каттамы бүгүн, 24-майда саат 12:30да Бишкекке учушубуз керек эле. Арадан 5 саат өтүп кетти, кабар алган жан жок, ачкабыз. Аэропорттон өзүңөрдүн компанияңар Кыргызстандын өкүлү келип, силерди жайгаштырсын, жүгүңөрдү алып чыгып кеткиле дейт. Бизге “Эйр Манас” учагы эмне себептен үзгүлтүккө учурады, так маалымат бере элек, - деди Жамила Боронбаева.
Эске сала кетсек, 2021-жылы “Эйр Манас” компаниясы Кыргызстанга “Airbus A220” тобундагы жаңы үлгүдөгү учак алып келгенин, “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкен эле.
Билдирүүдө, “А220-300” үлгүдөгү учак да ошол эле жылы авиакомпаниянын паркын толуктап, “A220-300” учактарынын салону бир класстуу жасалып, жалпысынан 145 жүргүнчүгө ылайыкташтырылганын жана заманбап экенин жар салган.
Булак: NazarNews.kg