www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антонина Шевченко бүгүнкү кармашы үчүн канча алат?

UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко бүгүнкү өткөн мелдеште мыкты кармаш көрсөткөнү үчүн 50 миң доллар бонус алат. Бул тууралуу промоушендин башчысы Дана Уайт UFC 255 мелдешинен кийинки маалымат жыйында билдирди.

Турнирде Антонина бразилиялык Ариана Липски менен кез келип, экинчи раундда мөөнөтүнөн мурда техникалык нокаут менен уткан. Пантера каймана атка конгон Антонина Шевченко экинчи бөлүктө атаандашын жерге жыгып, башына удаа-удаасы менен урган соккуларынын жыйынтыгында жеңишти камсыздаган. 

Эске сала кетсек, бул мелдештин башкы беттештеринин биринде Антонинанын бир тууганы Валентина Шевченко эң жеңил салмактын чемпиондук титулу үчун бразилиялык Женнифер Майяны утту. Муну менен ал чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргоп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости