www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-ноябрда Беларусияда оппозициянын пландаган митингинин алдында Минск шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлуп, коопсуздук күчтөрү жана атайын унаалар шаардын борборуна тартылып жатат. Бул тууралуу РИА Новости агентиги жазды.

Маалыматка ылайык, ОМОН жана ички аскерлердин базалары бир нече аскер техникасын, анын ичинде бронетранспортерлор, коопсуздук кызматкерлерин ташуу үчүн унаалар, суу замбиректери жана тосмо системалары шаардын борборун көздөй чыгышкан.

Ошол эле учурда шаардын борборун кайтаруу күчөтүлүп, борбордук көчөлөрдө МАИ кызматкерлеринин саны көбөйгөн. Беларусиянын борборунун аянттарында темир тосмолор менен курчоого алган. Атап айтканда, коопсуздук чараларын күчөтүү Эгемендүүлүк аянтында, Октябрь аянтында, Минск стеласында жана президенттик резиденциянын аймагында байкалат. Алардын жанындагы көчөлөрдө атайын техникалар жана коопсуздук кызматкерлеринин кичи автобустары бар экендиги айтылууда.

9-августта Беларусияда өткөн президенттик шайлоодон кийин Александр Лукашенко алтынчы жолу президент болгондугу жарыяланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция массалык нааразычылык акцияларын баштаган. Добуш берүүнүн жыйынтыктары менен макул болбогон демонстранттарды таратууда коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ, суу чачуучу курал, граната, резина ок колдонушкан. Нааразычылык акциялары дагы деле уланууда. Нааразычылык акциялары учурунда камакка алынгандардын жалпы саны 29 миң 940ка жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости