www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Чөгөм айылына баруучу унаа жолунда, шагыл аралаш сел жүрүп, унаа жолу жабылган. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок.

Жолду тазалоо үчүн №21 жол тейлөө ишканасынан техника тартуу жагы каралууда. Бирок техникасы оң абалда болбогондуктан, тазалоо иш-чаралары убактылуу токтоп турат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости