www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште жыйын өтүп жатат. Депутат Исхак Масалиев жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чакырууну сунуш кылды.

"Өзгөчө абалды узартуу жарлыгын карап жатканда премьер-министрди жана биринчи вице-премьер-министрди чакыралы. Бул жерде көптөгөн түшүнүксүз маселелер болуп жатат. Алар каржы боюнча төрт башка маалымат берип жатышат. Эки жума мурун токтом кабыл алып, кризиске каршы программанын планын бергиле дегенбиз. Бул планды Жогорку Кеңешке да бериши керек", - дейт ал.

Масалиевдин сунушун депутат Наталья Никитенко да колдоду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости