www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүн оор абалга алып келген коронавирус илдети бүтүндөй мамлекеттин өнүгүү багытын өзгөртүүгө таасирин тийгизди. Буга карабастан, калктын бейпил жашоосуна жана коопсуздугуна  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы ИИОнун башка түзүмдөрү менен биргеликте өз салымын да кошуп келет. ИИМдин МАККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы учурда, ИИМдин МАККББсы өлкөбүздө жайгашкан бардык маанилүү, өзгөчө маанилүү жана олуттуу жашоо тиричиликти камсыз кылуучу мекеме-чарбаларды күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алышкан. Аны менен бирге, жогоруда аталган мекеме-чарбалардын туруктуу иштешинин коопсуздугун камсыздайт. 

Мамлекеттин экономикалык туруктуулугунун бир бөлүгү болуп Банк мекемелеринин болуп саналат,  алардын өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими убагында коопсуз туруктуу иштешин, ИИМдин Күзөт кызматы камсыз кылат. Азыркы учурда, милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда турган Банк мекемелеринде жана анын аймактагы филиалдарында жарандарды тейлөөдө, чектөө эрежелери коюлуп, адамдар арасында аралыкты сактоо жана милдеттүү түрдө антисептик менен колду жууп андан кийин имараттын ичине кезек-кезеги менен киргизилүүдө. Мындан тышкары, дененин температурасын ченөөчү атайын аспаб аркылуу текшерилип турат.
Бүгүнкү күндө, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы эң алдынкы заманбап кайтаруу техникалык каражаттары менен камсыздалган түзүмдүк бөлүк болуп саналат. 

ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы тарабынан 3000 ден ашуун ар түрдүү мекеме-чарбалар кайтарууда турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости