www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Математика боюнча республикалык олимпиада өтөт

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз-Швед мамематикалык мектеби (KSMS) менен биргеликте менчик түрүнө карабастан жалпы билим берүүчү мектептердин 6-11-класстарынын окуучуларына Республикалык математика боюнча олимпиада өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Олимпиаданын максаты – таланттуу жана математикалык билимге кызыккан балдарды табуу, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү.

6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен онлайн форматта 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө өтөт.

Ал эми 9-10-класстардын окуучулары үчүн олимпиада эки этап менен өтөт:

  • 1-этап: 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө онлайн форматта;
  • 2-этап: 2021-жылдын 5-январында саат 12:00дө Бишкек шаарында реалдуу форматта.

6-8-класстар арасында онлайн олимпиадада 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланышат.

9-11-класстар арасындагы олимпиаданын 2-этабынын (финал) жыйынтыгында 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланып, эл аралык олимпиадаларга катышууга чакырылышат.

9-11-класстар арасындагы олимпиадада 1-орунду ээлеген окуучулар KSMS математикалык клубунда окуу үчүн грнатка ээ болушат.

Олимпиаданын бардык катышуучуларына электрондук сертификаттар ыйгарылат.

Олимпиада тууралуу кененирээк маалыматты Кыргыз-Швед математика мектебинин www.ksms.kg сайтынан ала аласыздар.

Суроолоруңуздар болсо, [email protected] электрондук почтасына жазыңыздар.

Олимпиада акысыз өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости