www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын президентине бут кийим ыргытылды

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин парламент имаратынан чыгып келе жаткан маалда эркек киши ага бут кийимин ыргытып жиберди. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Мун Чжэ Ин парламентте депутаттардын алдына чыгып сүйлөгөн.

Билдирүүгө ылайык, окуя саат 16:30дар чамасында Мун Чже Ин парламент имаратынан чыгып баратканда болгон. Чонг аттуу адам бут кийимин чечип, президентке ыргытып жиберген, бирок бут кийим ага тийбей калган. Андан соң ал адамды полиция кармап кеткен.

“Мен бут кийимди биздин президент Мун Чжэ Инге ыргытып жибердим. Мен анын жек көрүүнү жана уятты сезүүсүн кааладым”, - деген ал эркек киши. Анын президентке болгон терс мамилесинин себептери айтылган жок.

Белгилүү саясатчыларга бут кийим ыргытуу  көптөн бери өзүн-өзү билдирүүнүн оригиналдуу жолу болбой калган. Мисалы, мындай эрдик менен белгилүү болууну каалагандардын бири ирактык журналист Мунтазер аль-Зайди болгон. Ал 2008-жылы декабрда Багдадда АКШнын президенти Жорж Бушка бут кийимин ыргытып, андан кийин үч жылга камалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости