www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. 

Өкмөт башчынын м.а. Кыргызстандын БУУ тутумунун бардык институттары менен өнөктөштүктү күчтөндүрүүсүнө ишеним билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана бийликтин бардык институттарынын ишинде сиздин колдооңузга ишеним билдиребиз. Биз ошондой эле бардык өнөктөштөр менен Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн биргелешкен долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенүүдөбүз. Мындан тышкары, эл аралык көмөктөштөрдүн жардамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым программаларын ишке ашырууда алдыңкы тажрыйбаларды ишке киргизүүгө өбөлгө түзүп бере алат. Алсак, ишкерлик тармакты колдоого алуу, мамлекеттик түзүмдөрдү реформалоо, өлкөнү өнүктүрүү боюнча көмөк бере алат», - деп белгиледи Новиков.

Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело өз кезегинде кызматташтык үчүн ыразычылык билдирип, уюм республика менен өнөктөштүккө жогору баа береерин белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүү жана кызматташуу боюнча маселеси талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости