www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Чынында Ворух бүгүнкү күндүн темасы болуп турат. Ворухка жол берүүнүн түпкүлүгү эмнеде? Кыргыз элинин кызыкчылыгы сакталабы?

- Ачыгын айтканда, Ворух менен Тажикстандын ортосуна жол Аксай элин аралап өтөт, абдан чоң жол. Ушул жол менен эле пайдалана берсе болмок. Эгерде кандайдыр бир тоскоолдук болсо же оңдоо талап кылынса, каражат бөлүп оңдош керек беле (?) дейт элем, бул биринчиден. Экинчиден, ошол айылдарды аралап өтүүдөгү коопсуздугун карай турган маселелерди чыңдап, ага дагы атайын иштерди жүргүзсө бул жол абдан туура эле болмок.

Ал эми жаңы жолду капчыгай аркылуу өтүшүн келечекте эки мамлекет кура турган болсо, көптөгөн кыйынчылыктарды жана ар кандай талаштартыштарды алып келип, бул баягы «мина замедленного действия» деп коёт, ошого барып калышы мүмкүн.

Ошон үчүн бүгүнкү күндө 39-протокол боюнча жолду караштырып, биргелешип курабыз деген жана аларга атайын жер бөлүп ошол жактан жол салабыз дегенин кайра жокко чыгарганга баардык шарттарды түзүш керек.

Албетте, бул жолду салууда балким биздин коңшу өлкөнүн жетекчилери кандайдыр бир деңгээлде Ворухта жашаган тажик элинин коопсуздугун эске алып, экинчиден, чек ара маселелерин чечүүдө өзүнө пайда келтиргенге аракет жасашы мүмкүн.

Бирок, биз да өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды ойлоп, экинчиден, бүгүнкү күндө болуп жаткан окуяга элдердин көз карашы өтө таасирдүү экенин эсибизден чыгарбаганыбыз оң. Үчүнчүдөн, азыркы 39-протокол май айында кабыл алынган экен, бардык процедуралардан толугу менен өтпөй, мыйзамдуу боло элек.

Бирок, тажик тарап муну протокол катары иш жүзүндө «ушуга келебиз, иштейбиз» дегендей кылып Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов айтып кетти. Демек, ушул протоколду негизги документ катары такап жатканы келечекте өтө опурталдуу жагдайды жаратып коюшу мүмкүн.

Булак: Азия News гезити

Последние новости