www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда кайра митинг өтүүдө

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында эки күндөн бери митинг өтүүдө. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Жаңы-Өзөн шаарынын жүздөн ашык жашоочусу акимчиликтин алдына чогулуп, жумуш берүүнү талап кылышууда. Алар бул жерде эки суткадан бери турушат жана президент Токаевге кайрылуу жолдошту. Анда жергиликтүү бийликке ынанбай турушканын, 2020-жылы түзүлгөн ишке орноштуруу тизме-схемасы адилетсиз ишке ашып жатканын айтышууда. Алар жумушсуздарды мунай газ тармагындагы келечектүү жана туруктуу жумушка орноштурууну талап кылышууда.

Жаңы-Өзөн акимчилиги нааразы топтун талабына комментарий берген эмес. Мангистау облусунун акимчилиги жашоочулар иш менен камсыздоо борбору сунуштаган жумуштарга макул болбой, баары мунай газ тармагында гана иштөөнү талап кылып жатышканын кабарлады. “Түшүндүрүү иштери уланат” деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости