www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТИМдин мурдагы орун басары, дипломат Аскар мырза тышкы саясатыбыздагы көйгөйлөргө учкай токтолду.
- Кыргызстандын тышкы саясаты барбы, болсо анын бүгүнкү деңгээли кандай?
- Акыркы 10 жылда тышкы саясатыбыз кулдук мүнөзгө, паразит принциптерине өтүп алган. Сырттан жардамы жок жашай албай турган инвалид өлкөгө айландык. Талкаланган экономика, социалдык тармактар, бюджеттин тартыштыгы, эбегейсиз тышкы карыз, инвесторлордун кетип жатышы буга мисал. Мындай абал бизде эч качан болгон эмес.
Пандемия баарын ачыкка чыгарып койду. Түзүлгөн кырдаалга жараша башка мамлекеттер менен сүйлөшүүдө биринчи эле жардам сурайбыз. Алар: пандемия менен күрөшүү, бюджетти толуктоо, шайлоо өткөзүү сыяктуу маселелер.
Калган көптөгөн көйгөйлөрдү Москвага өткөзүп бергенбиз. Эмне дегенде, Россияга баардык тараптан көз карандыбыз: саясий, экономикалык, аскердик жана башка. Андан бөлөк, күндөн-күнгө Кытай, Казакстан, Өзбекстанга көз карандуулугубуз өсүп жатат.
- Тышкы саясатты туура жүргүзүүдөгү негизги кадамдар эмнеден башталышы керек эле?
- 1. Түзүлгөн абал боюнча коомчулукка чындыкты айтыш керек. Бүгүн же жакынкы келечекте өнүгүү эмес, мамлекетибизди сактап калабызбы деген маселе турат.
2. Кандай кыйын болбосун өзүбүздүн капчыгыбызга жараша жашоого үйрөнөлү. Башка өлкөлөрдөн тилемчиликти токтотуш зарыл.
3. Тышкы саясатта бирөөгө каршы же дос болбош керек. Өнөктөштүк мамиле түзүү маанилүү.
4. «Бирөөнүн койнуна кирип же этегин кармап өнүгөбүз» деген ойду таштоо шарт.
5. Көп өлкөлөр менен үзүлгөн же бузулган мамилелерди оңдош керек.
6. Ички абалды туруктуу жолго салганда гана мүмкүнчүлүк пайда болот. Эл аралык аренада ар-намысы бар өлкө катары байланыш түзүү абзел.
- Эгемендүү өлкө катары башка мамлекеттер менен мамиле куруунун эң бийик деңгээли кайсы жылдарга туура келет?
- Менин жеке пикирим боюнча, эң бийик, натыйжалуу эл аралык аренада Кыргызстандын аброю эгемендүүлүктүн биринчи 10 жыл аралыгында болду. Анда ишенич абдан чоң болчу. «Демократия аралчасын түзөбүз, кошуна мамлекеттерге караганда башка турмушка карай жол басабыз» деген учур эле. Бирок, натыйжада, баардыгын коррупция жеңди.
Булак: «Азия News» гезити