www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кезектеги “мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшүнүн” талаптары боюнча комментарий берди.

«Жөө жүрүшкө катышкандардын айтылган бардык талаптарга мамлекет тарабынан жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди. Анын ичинде жеке талапкерлердин шайлоо процессине катышуу мыйзамдуулугу жөнүндө да маалымат берилген. Буга байланыштуу мен митингдин уюштуруучуларын атайылап жалган маалыматтарды жайылтуу менен коомчулукту адаштырбоого чакырам. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөн, кимдир бирөөгө административдик кысым көрсөтүү ыкмаларына жол берилбейт. Президенттин аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык органдардын башчыларына шайлоо процессине кийлигишүүгө жол берилбестиги жөнүндө толук көрсөтмөлөрдү берди.

Ачыгын айтканда, учурдагы саясий кырдаалдан пайдаланып, деструктивдүү күчтөр өлкөнү солкулдаткысы келет. «Мыйзамдуулук үчүн тынчтык маршы» деп аталган иш-чаранын уюштуруучулары коомго туура эмес маалымат берүүнү токтотушу зарыл. 10-январда эл чагымчылардын артынан ээрчибестен, өз тандоосун жасашы керек », — деди Нургазы Анаркулов.

Эскерте кетсек, бүгүн 3-январда жарандык активисттер  нааразылык акциясына чыгышты. “Мыйзамдуу өлкө”, “Референдумга жол жок” деп ураан чакырып турушту. Жүрүштүн катышуучуларынын пикиринде, Башмыйзамды өзгөртүү учурда иштеп жаткан Конституциянын талаптарын одоно бузат. Сунушталып жаткан жаңы долбоор өлкөдө бийликти бир кишинин колуна чогултуп, демократиянын өнүгүүсүнө доо кетирет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости