www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-декабрда Нарында «Ат-Башы» ГЭСинин №3 гидроагрегаты иштей баштады. «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын төрагасы Нурбек Козубеков гидроагрегатты пайдаланууга берүү салтанатында сүйлөп жатып бул энергетикалык долбоор Кыргызстан эгемендик алгандан бери ишке берилген «Камбар-Ата-2» ГЭСинен кийинки экинчи долбоор экенин белгилеп, мындан ары да аймакта жаңы ишканаларды ачууга, элдин жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачылганын айтты.

Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында курулуп, эскилиги жетип калган «Ат-Башы» гидроэлектростанциясы реконструкция болгондон кийин аны пайдалануу мөөнөтү дагы 30-40 жылга узарып, жылына электр энергиясын иштеп чыгуу саатына 150дөн 180 миллион кВт чейин көбөйүп, кубаттуулук 4 МВтга же 10% өсөт деп пландалууда.

«Ат-Башы» ГЭСи – Нарын регионунда электр энергиясын өндүрүүнүн жалгыз булагы. Жылдык иштеп чыгаруусу 115-160 млн кВт/саат болгон бул ишкана “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун түзүмдүк бөлүмү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости