www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен фракциянын лидерлигинен кетти. Анын ордуна депутат Айсулуу Мамашева фракция лидери болуп, анын орун басарлыгына дагы бир депутат, фракция мүчөсү Наталья Никитенко шайланды. Мындай чечим фракциянын 5-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.
Фракциянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында ошондой эле депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылды.
Өмүрбек Текебаев 2015-жылкы шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып, фракция лидери болуп турган. 2017-жылы мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов менен кошо «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Сот «Ата Мекендин» лидерин депутаттык мандатынан ажыраткан. Анын ордуна Искендер Гаипкулов депутат болуп келген.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg