www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ата-Мекен» фракция лидери Текебаев камалган соң, ордуна Алмамбет Шыкмаматов келген, аягы Текебаев менен чукчуңдаша кетип, парламентке да кол шилтеген, азыр инвестиция боюнча министр. Анын ордуна «Мата баркы менен бөз өтөт, ата баркы менен кыз өтөт» -дегендей туризм магнаты Турусбек Мамашовдун эч ким тааныбаган кызы лидер болду. Андан кийин парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынан эчак куулган, Атамбаевге «Кыргыз эл Баатырын» алып берүүнү ойлоп тапкан, «бензин королу» Сайдулло Нышанов болгон. Эми да эч ким тааныбаган чимкирик депутат лидер болду. Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын кезексиз жыйынында парламенттик фракциянын жаңы лидери менен анын орун басары шайланды. Жыйындын жүрүшүндө депутат Наталья Никитенко «Ата Мекен» фракциясы лидер Сайдулла Нышановго ишеним көрсөтпөй, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун, 7 депутат бул чечимди колдогонун билдирди.
Депутаттар Абдимуктар Маматов менен Бахтияр Сулейманов аталган кызматка депутат Шералы Абдылдаевдин талапкерлигин сунушташты. Ошентип, «Ата Мекен» фракциясы Абдылдаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту. Мындан тышкары, «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын депутаттары Шайлообек Атазовду лидердин орун басарлыгынан бошотушуп, анын ордуна Наталья Никитенкону шайлашты.
«Ата-Мекен» фракциясына Өмүрбек Текебаевден кийин «Ата Мекен» партиясынын сыймыгы болгон Алмамбет Шыкмаматов лидер болот. «Ата Мекен» партиясынын көтөрүү үчүн кандай болсо да жаңы долбоорлор, идеялар керек эле. Бирок партиядагы ич ара ыйкы-тыйкыдан улам ал лидерликтен кеткен.
Туризм магнаты Турусбек Мамашов өзү саясатка кирбесе да кызы Айсулуу Мамашованы 1915-жылкы парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясынын тизмесине кийирген. Турусбек Мамашовдун улуттук колоритке бөлөнгөн «Дасмиясы» ойду ашып Орусияга, кырды ашып Кытайга, өрдү ашып Өзбекстанга таанымал болгон. Ал «Дасмиясынан» даам берип, элди арзан көңүлдүү туристтик саякатка алып чыгып жүрүп чоң абройго жетишип келаткан. Акаев ичи таарып Туристбек, тоюз Турусбек мырзага канча ирет бут тоскону менен, «ити чөп жей баштаган» Мамашевдин иши илгерилей берди. Кийинки президент байкабаса да айлана - чөйрөсү байкады окшойт, Туризм министрлиги түзүлгөндө Турусбек мырзадан башка ылайыктуу адам жок экени белгилүү болду. Министрлер жанталашып элдин энчисин үйүнө ташып жатса, Мамашев болсо үйүнөн, «Дасмиясынан» министрликке ташып, жаңы министрликти бутунан тургузду деп укчубуз. Бутунан тургузаар менен бутка чаап министрликти жоюп, агенттикке айлантканга карабай эл үчүн жанын карч уруп эмгектенип жүрдү. Анын кыргыздын «брэнди» Ысык-Көлдү реклама кылып, дүйнөгө дүңгүрөткөнү үчүн миллиондогон туристтер келип-кетип турду. Турусбек мырза жалгыз гана Ысык-Көлдү «брэнд» кылбай Сулайман тоону ЮНЕСКОнун алтын казынасына киргизгендигин көпчүлүк биле бербейт. ЮНЕСКОнун алтын казынасына миңдеген туристтик жайлардын ичинен он чактысы гана кабыл алынып, ошонун бири Сулайман тоо болгон. Эгерде муну көбүрөөк реклама кыла турган болсо Сулайман тоо экинчи Меккеге айланып туристтер агылып келмек. Себеби, бай өлкөнүн туристтери Египеттен, Грециядан, Меккеден да тажады аларга Сулайман тоо сыяктуу экзклюзивдүү, жаңы туристтик жайлар керек. Бирок, аны рекламалабаса ким билет. «Өтүкчүнүн өтүкчү болгону жакшы», туризм сырын беш колундай билген Турусбек мырзага Туризмди өнүктүрүүнүн эки тизгин, бир чылбырын берсе камчы салдырбай кетмек. Анын «Кыргызстан Санта-Клаустардын өлкөсү» - деген брэнди бурмаланып элге туура эмес түшүндүрүлүп кетти. Мамашовдун оюу боюнча Санта–Клаустун мекени Кара-Кулжа болуптур. Бүгүнкү күнү коронавируска карата туризм бир аз аксап турат.
Кыргызстанда туризм – Кыргыз Республиканын экономикалык жана социалдык жактан тез өнүгүшүнө зор салым кошууга көп мүмкүнчүлүктөрү бар реалдык сектордун келечектүү тармагы. Кыргызстандын жери туризмди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жа маданий жактан кыйла потенциалга ээ. Чет өлкөлүк эксперттер да биздин туризмди баалайт. Табигый жана маданий белгилери кереметтүү айкалышкан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр жер жүзүндө саналуу. Мындан дүйнөдөгү тоолуу жерлердин ичинен эң ажайып кооздукту көрүүгө болот». Мамлекеттин аймагынын 90%тен ашууну деңиз деңгээлинен 1000 метрден жогору жайгашкан. Гималай менен Памирден кийинки дүйнөдөгү эң бийик тоо чокулары Кыргызстанда, алар Жеңиш (бийиктиги 7439 м), Ленин атнындагы (7134 м), Кантоо (6995 м) жана башка чокулар. Дүйнөдөгү ири тоо мөңгүлөрүнө кирген Эңилчек (Түштүк Эңилчек) мөңгүсү бар.
Кыргызстандын зор Евразия континентинин борбордук бөлүгүнөн орун алышы жана анын татаал рельефи мында кескин континеттиктен деңиздикке чейинки климаттын болушуна шарт түзөт. Кыргызстандын табияты ар түрдүү: мында кар-мөңгүлүү залкар тоо тилкесинен көк шиберлүү альп, субальп, карагай, арча, жаңгак-мөмө-жемиштүү токойлуу, шалбаалуу талаадан чөлдөргө чейинки ландшафттар кездешет. Өлкөнүн түштүгүндөгү Арстанбап, Кызылүңкүр, Каралма жана башка жерлердеги дүйнөдө чанда кездешкен жапайы жаңгак жемиш токой массивдери, бийик тоолордун арасында жайгашкан Суусамыр, Алай, Аксай, Арпа сыяктуу өрөөндөрдөгү боз үйлөр тигилген көк шиберлүү жайлоолор, кымыз жыттуу үйүр-үйүр жылкы, асыл тукум кой жайылган жайыттары, айланасы ажайып кооз, балыкка бай тоо көлдөрү туристтерди, эс алуучуларды дайыма өзүнө тартат. Кыргыз жергесинде эки миңден ашуун тоо көлү, а. и. жайында салкын, кышында жылуу, тоңбогон Ысык -Көл бар. Сууга түшүү маалы кээде ноябрь айына чейин созулат; суунун температурасы жайында 24°Сге, кышында 4°Сге чейин жылуу. Ысыккөл алтын кумдуу пляждары, минералдуу булактар кошулган суусу тунук, тоо-деңиз климаты айкалышкан, дары баткактуу, минералдуу суулары бар эң сонун курорттуу чөлкөм. Ысык -Көл регионунда бүгүнкү күндө 7075 орундуу 121 санаторий жана эс алуу мекемелери курорттор, пансионаттар, туристтик базалар иштейт.
Кыргызстандын аймагында Сары -Челек, Кара -Шоро, Кыргыз -Ата, Жет -Өгүз, Арашан, Түргөн –Ак -Суу, Ала -Арча сыяктуу ажайып кооз жерлер, шаркыратмалар, табият эстеликтери да арбын. Жогоруда айтылган табияты кооз жерлерди коргоо максатында Кыргызстанда жаратылыш улуттук парктары жана коруктары уюшулган. Ал аймактардагы жапайы жаныбарларды, канаттууларды, өсүмдүктөрдү жана жалпы эле кооздукту табигый түрүндө сактоо менен, аларда туристтер, айрыкча чет өлкөлүк бай туристтер үчүн экологиялык, элиталык таза экскурсияларды уюштурууга ыңгайлуу шарт түзүлүүдө. Кыргызстан Улуу жибек жолунда жайгашкан тарыхый архитектуралык эстеликтерге да бай: Сулайман -Тоо археологиялык музейи, Бурана мунарасы, Өзгөн архитектуралык комплекси, Шахфазил күмбөзү, Таш -Рабат кербен сарайы, Саймалы-Таш капчыгайындагы аскадагы сүрөттөр, Манас күмбөзү жана башка эстеликтер.
Кыргызстандын Улуу жибек жолуна байланышкан байыркы тарыхы бар. Биздин заманга чейин. 2-кылымдарда Кытайдан Парфияга чейин келип кеткен кытай кечили Чжан Цзяндын саякатынан жана анын жазган саякат баянынан кийин гана континенттерди тепчип өткөн соода жолунда жибек кербендери сапар тарта баштаган. Кыргызстандын аймагы чыгышты батыш менен байланыштырган көпүрөгө айланган. Бул жер аркылуу байыркы кербен жолунун үч бутагы – Теңир-Тоо менен Памирдин бийик дабандарын ашкан — Памир-Алай, түштүк жана түндүк бутактары өткөн. Кыргызстандын аймагы эзелтеден эле өнүккөн борбордук азиялык чөлкөмгө кирип, эл аралык соода катнашынын жолундагы негизги өткөөл база болуп калган. Улуу жибек жолунун чыгыш менен батыштын маданиятын эриш-аркак айкалыштырганын кыргыз элинин салт-санааларынан, материалдык маданиятынан көрүүгө болот.
Ош шаарында байыркы тарыхый жана маданий борбор жана Улуу жибек жолундагы кербендер орун алчу жер болгон. Азыркы Ооганстан, Пакистан жана Индиянын көпчүлүк бөлүгүн баш ийдирип, Улуу Моголдор империясын негиздеген, «Бабур-Наме» аттуу баа жеткис тарыхый жылнааманын автору Бабурдун ыйык Сулайман -Тоодогу «үжөрөсү» — ой терметип, акыл калчаган үйү азыр да турат.
Ал бул жерде отуруп: «Фергана өрөөнү алаканга салгандай көз алдыга тартылат, Оштун тегереги кооз жана абасы таза»,— деп жазган. Кыргызстан мурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн туристтерине дээрлик белгисиз эле. Ал өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон кийин республикалык ченемдик-укуктук базаны өзгөрттү, келип-кетүүнүн кыйла либералдуу тартиби түзүлүп, чет өлкөлүк жарандарга келүү визасы чектөөсүз бериле баштады, Республиканын аймагында чет өлкөлүктөр эл аралык мыйзамдарда, макулдашууларда, келишимдерде каралган бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланышат. Мамлекет 1993-жылдан Дүйнөлүк туристтик уюмдун мүчөсү болуп эсептелет. Бир нече жылдардан бери Кыргызстан Дүйнөлүк Берлин туристтик бирикмесинин, Лондон туристтик жарманкесинин, Ташкен туристтик иш-чараларына жигердүү катышып келүүдө.
Мамлекеттеги азыркы инфраструктура дале болсо эл аралык стандарттарга ылайык келбейт, анткени бир нече ондогон жылдар мурда түзүлгөн туризм негизинен советтик туристтердин керектөөлөрүн канааттандырууга эсептелген эле. Бирок, туризм акырындап өсүп-өнүгүүдө. Туризм тармагына инвесторлорду тартуу боюнча жигердүү иш жүргүзүлүүдө. Италиялык «Капитал» фирмасы мурдагы «Кыргызстан» мейманканасын реконструкциялап, 5 жылдыздуу «Хаятт» отелине айландырды. «ИНПРО-технологиялык жабдуу» аттуу немис фирмасы «Ала-Тоо» мейманканасын реконструкциялаган. Азыркы учурда республикада 8 жогорку жана орто окуу жай туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоодо. Кыргызстандын 100дөн ашуун болочок адистери чет өлкөлөрдө окушууда, 1000ден ашуун кыргыз студенттери жыл сайын Түркияда, Италияда, Германияда, Индияда, Сан-Маринодо иштеп келишүүдө.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg