www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата-Журт” партиясы Убактылуу Өкмөт менен тирешкен лидер партиялардын бири эле. Убактылуу Өкмөт келип Текебаев өзүн спикер сезип жаңы Конституция жазат. 50 пайыздан ашыгырагын СДПК алса калганын Текебаев алып спикер болуп отуруп калмак. Бирок, турмуш тескери жол көрсөттү. “Ата-Журт” партиясы биринчи чыгып “СДПК, “Ата-Мекен” жана “Республика” түзгөн коалиция парламенттен өтпөй калып, СДПК “Ата-Журт” партиясына жалдырап жаңы коалиция түзүшкөн. Парламенттин тарап кетүү коркунучунан “Ата-Журт” партиясы сактап калган. “Ата-Журт” партиясы Атамбаев президент кезинде көп запкы көргөн. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов үчөө сегиз айга камалды.Андан соң Ахматбек Келдибеков,анын артынан кайрадан Садыр Жапаров камалган. 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү “Мекенчилдер” партиясына биригишкен.Бул шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Азаттык” партиясынан “Ата-Журт” партиясынын мурунку мүчөлөрүн көрүүгө болот.
Парламентке талапкерлердин футболу. «Социал-демократтар»– “Ата –Журт- Кыргызстан” командасы
Калыстар тобу: башкы калыс - Шайлдабекова
Калыстар: БШК мүчөлөрү
«Социал-демократтар»– командасы
Машыктыруучу: Алмаз Атамбаев
Команданын капитаны: Рыскелди Момбеков
Дарбазада: Кадыр Атамбаев
Коргоочулар: Кодуранова Асел (борбордук), Мадеминов Мурадыл (оң), Орозова Карамат (сол).
Жарым коргоочулар: Сопоков Эркин (борбордук), Мусакеев Дамир, Айнакулов Мухтарбек.
Чабуулчулар: Ирина Карамушкина (борбордук), Ишенбай Кадырбеков (оң), Артыков Анвар (сол).
“Ата Журт -Кыргызстан” командасы
Машыктыруучулар: УКМКда
Команданын капитаны: Шүкүрбек Эркебаев
Дарбазада: Бакир уулу Турсунбай
Коргоочулар: Нарматова Надира (борбордук), Эсенаманов Замирбек.
Жарым коргоочулар: Талиева Камила (борбордук), Нарбаев Каныбек, Сабиров Равшан.
Чабуулчулар Төрөбаев Бакыт ,(борбордук), Шүкүрбек Эркебаев (оң), Кадыров Кубанычбек (сол).
Оюндун жүрүшүнөн:
Оюн башталар алдында «Социал-демократтар»– командасынын машыктыруучусу Атамбаев кызыл карточка менен оюндан чыгарылып, камакта калтырылып, сотка менен сүйлөшүп калат. Ал эми кээ бирөө «Ата-Журтка» жан тарта башташты. Жүрөгү түшкөн Сопоков Эркин качып жок болду. “Ата Журт -Кыргызстан” командасынын башкы коргоочусу Нарматова жана эки чабуулчу «Социал-демократтарга» оюн башталар менен чабуулду баштап, топту бомбардир Шүкүрбек Эркебаев илип кетти, анын алдынан жети коргоочу чыгып, топту талашып калат.
Кадыр Атамбаев (сотка менен):
- Улуу урматтуу ата Алмаз Шаршенович, топту ким алсын?
Атамбаев:
- Рыскелди Момбековго бергиле...
Кадыр Атамбаев:
- Топту Рыскелди Момбековго бер!
Ишенбай Кадырбеков :
- Жок, мен ага топ бербейм!
Кадыр Атамбаев (соткадан):
- Улуу урматтуу ата Алмаз Шаршенович, топту Ишенбай Кадырбеков бербей атат.
Атамбаев (соткадан):
- Карамушкинаны коё бер.
Кадыр Атамбаев:
- Ирина айым, топту алыңыз, шеф айтып атат.
И.Карамушкина:
- Мен чабуулга өтөйүнбү?
Кадыр Атамбаев:
- Улуу урматтуу ата Алмаз Шаршенович, Карамушкина чабуулга өтсүнбү?
Атамбаев (соткадан):
- Давай тез, эч ким жокто, гол кийирбейсиңерби?
Кадыр Атамбаев (соткадан):
- Улуу урматтуу ата Алмаз Шаршенович, топту Артыков Анвар илип кетти.
Атамбаев (соткадан):
- Ал тигилердин дарбазасына кийиреби же биздикинеби?
Кадыр Атамбаев (соткадан):
- Улуу урматтуу ата Алмаз Шаршенович, биздикин көздөй баратат окшойт.
Атамбаев (соткадан):
- Тоскула, жабалактап...
Кадыр Атамбаев (соткадан):
- Улуу урматтуу ата Алмаз Шаршенович, жарайт. (командага бакырат) Тоскула, Артыков Анвар акени тоскула...
Атамбаев (соткадан):
- Карамушкинага топту бергиле...
- Улуу урматтуу ата Алмаз Шаршенович, куп болот. (Командага бакырат) Карамушкинага топту бергиле...
Топту кайрадан бомбардир Шүкүрбек Эркебаев илип кетет, аны Рыскелди Момбеков чалып жыгып, топту алат.
Кадыр Атамбаев:
- Рыскелди Момбеков шеф топту Карамушкинага берсин деп атат...
Рыскелди Момбеков:
- Карамушкинанын жанында Шүкүрбек Эркебаев турбайбы.
Кадыр Атамбаев (соткадан):
- Улуу урматтуу Алмаз Шаршенович, Карамушкинанын жанында Шүкүрбек Эркебаев турат.
Атамбаев (соткадан):
- Андан башка кайсы чабуулчуңар бар?
Кадыр Атамбаев (соткадан):
- Улуу урматтуу ата Алмаз Шаршенович, Ишенбай Кадырбеков..
Атамбаев (соткадан):
- Кой, ал өзүбүзгө кийирип жиберет.
Топту Карамушкина илип кетип, өз дарбазасын көздөй чабуулга өтөт. Карамушкинаны алдынан Надира Нарматова чыгат, капталынан Шүкүрбек Эркебаев чыгат, экөөнү алдап өткөн Карамушкина дарбазага топту тээп өз дарбазасына кийирет.
1-0 эсеби менен «Ата-Журт» партиясы алдыга чыгат.
(Уландысы болот)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg