www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев саясий аренада жалгыз калганына байланыштуу азыр шайтан менен болсо да достошууга  аргасыз  болгондой.  

Ошон үчүн өзү кылмыш ишин козготкон Бабановго жан тартып, аны актатып алуунун аракетин көрүп, Сооронбай Жээнбековго ыгы келсе да, келбесе да доомат коюп,  болгон бугун чыгарып жатат.

Тар чөйрөдө айтылган маалыматка караганда, Атамбаев, Бабанов жана Мадумаров тымызын биригип  баштаптыр. Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин айтканына көнбөй, моюн толгой турган болсо, элди көтөрүүнү колго алышат. Башкача айтканда, Бабанов аркылуу Таласты көтөртүшүп, элди бийликке каршы тукурушуп, акча беришсе да жол тостуруп, митингдерди уюштуруп, элди Мадумаровдун бал тили менен муютушуп, бийликти аңтарып түшүшөт да Атамбаев баштагыдай бийликти колго алат дейт. 

Бирок, алардын планы канчалык деңгээлде ишке ашаарын кудай билет. Себеби, Сооронбай Жээнбеков да аларга оңой-олтоң жеңилип бербейт. Ал да болушунча аракет кылып, бийлигин сактап калууга жан үрөйт.    

Булак: NazarNews.kg

Последние новости