www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда жарыяланган миграциялык мунапыстын алкагында «кара тизмеден» мурунтан Орусияга кирүүгө тыюу салынган 5 488 жаран чыгарылды. Мындан тышкары, Орусияда учурда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн 100 миңге жакын кыргызстандык чек арага чыгып, миграциялык картасын жаңыртууга жетишти. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилиги орусиялык органдарга таянып маалымдады деп билдирет Азаттык.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «кара тизмеде» 70 миңдей кыргызстандыктын 50 миңи соттун чечими менен Орусиядан чыгарылганын, бул жеңилдиктерди калган 20 миңдей жаран колдоно алаарын кабарлаган болчу.

Укук коргоочулар кыргызстандыктарга берилген мунапыс тууралуу Орусиянын органдары тарабынан расмий жарыяланбай, эки тараптуу юридикалык күчкө ээ болгон документ бекемделбей калгандыктан, бул миграциялык жеңилдиктер толук ишке ашпай жатышканын айтып чыгышкан.

Ошондой эле кыргызстандык бир топ мигранттар Орусиянын чек арасынан чыгып, кайра кире албай калганын, мунапыстын шарттары боюнча жеңилдик каралып, бирок иш жүзүндө «кара тизмеден» чыгарылбагын айтып кайрылган учурлар болгон.

Акыркы маалыматтарга ылайык, учурда Орусияда 650 миңден ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости