www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев менчик каналы “Апрель” менен өпкүсү келген саясатчыларды өөп, тепкиси келгенин тээп жатат. Шумдугуң кургур элдин баары андан акча сурап, ал бербесе ачка калгандай эле таасир калтырды. Маселен, Кеңешбек Дүйшөбаев Атамбаев айткандай жарды адам эмес. Ал Атамбаевге жолукканча эле Бишкекте квартирасы анан калса машинасы болгон. Башкача айтканда, Атамбаев менен жакындашканга чейин эле өтө болбосо да, оокатына тың адамдардын катарында болчу. Атамбаев болсо, өзүнө каршы кишинин баарын каралаган адатын баштап, чындыкка дал келбесе да, баштагыдай эле балп эттирип салды. Пайгамбар жашына чыгып калганда жок дегенде бирдемени айтаарда ич күптүлүккө салбай, Кудайды карабайбы дегиң келет экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости