www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин жандосу Андрей Бельянинов эмнеге июль айында Кыргызстандын саясатында пайда болот? 2019-жылы июлда Бельянинов Канттагы орус авиабазасын пайдаланып, Атамбаевди Москвага ала качып кеткен. Эми Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы Бельянинов «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн диалогу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү жолдору» деп аталган видеокөпүрөнүн алкагында катуу сүйлөдү. Эки жыл мурун июлду аяктай Атамбаевдин бир чети классташы, бир чети кайынагасы Бельянинов Кой-Таш айылында республика түзгүсү келген экс-президентти Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуктурууга өбөлгө түзүп берген. Орусия менен Кыргызстан өнөктөш мамлекет, көп эл аралык уюмдарда бирге, ошондуктан “экинчи Украина” же Грузияны Москва каалаган жок. Биздин мамлекетте тынчтык орноп турушуна Москва деле тилектеш. Ошондуктан, Атамбаев менен болгон кыска жолугушууда Путин биздин мамлекетте стабилдүүлүк орноп турушуна тилектештигин билдирет. Ал үчүн бийлик менен тирешип турган Алмазбек Атамбаев сыртка чыгып кетиши керек эле, же азыркы шартты тандаш керек. Атамбаев президент кезинде өзү шылдыңдап күлүп жүргөн Акаев, Бакиев сыяктуу сыртка чыгып кеткенди тандаган жок. Атамбаев өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосуна ишенип, алар аркылуу Орусияга каршы Батышка басым жасагысы келип, Кой-Таш айылын Элдик Республикага айланткысы келген. Батышка да, өкмөттүк эмес уюмдарга да Атамбаевдин кереги жок эле, аларга Кыргызстанда чыр болуп турганы майдай жагып турган.

2019- жылы мурунку президент Алмазбек Атамбаев баштаган топ Кой -Ташта саясий кармаштын апогейине жетип турганда, орусиялык миллиардер, Атамбаевге кайын агалык титулун сактап жүргөн Андрей Бельянинов Кой –Таштан Атамбаевди учагы менен салып кетип, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугуштурган. Алмазбек Шаршенович Кремлде эмне деген армандарын айтканын ким билет, бирок Путиндин биздин ички саясатыбызга киришпесе да, Кыргызстанда стабилдүүлүкту сактоо тууралуу айткандары орусиялык жана кыргызстандык маалымат беттерине жарыяланган. Мындан Кыргыз Республикасынын экспрезиденти Алмазбек Атамбаев кандай жыйынтык чыгарганы Кой –Таш окуялары боюнча өтүлө турган сотто такталган. Кеп Андрей Бельяниновдун бүгүнкү күндөгү көз –карашында.

Андрей Бельянинов орусиялык мезгилдүү каражат басылмаларына маек бериптир. Албетте, орус миллиарддеринин байлыктары, Орусия мамлекети боюнча ой толгоолору, келечекке болгон ой -максаттары тууралуу бул маекте кенен божурап бериптир. Бул тууралуу көпчүлүктү кызыктырбаган соң, бизди кызыктырган бир суроого көңүл бурдук. Бул маегинде орусиялык кесиптешибиз Андрей Бельяниновго “Атамбаевдин тагдыры кызыктырары тууралуу” кыйытып өткөн. Андрей Бельянинов “Биз башка мамлекеттердин ички саясатына кийлигише албайбыз” –дегендей кылып, кыска, бирок так жооп берген. Албетте, Андрей Бельяниновдун бир ооз сөзү менен Орусиянын көз карашын таңуулай албайбыз. Учурунда Андрей Бельянинов өзүнүн достук милдетин аткарып Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин жеке жолугушуусун уюштуруп берген. Андан башка эмне демекчи эле?

Эми болсо жүрөгү, омурткасы ооруп, операцияга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевди эркиндикке чыгарууга убакыт жакындап калганын эшиттик. Дагы эле жандасу Бельяниновдун жардамы керек болуп тургандай. Эгерде түрмөдөн ары карап кетсе, анда кайрадан нааразычылык акциялар жаралышы анык. Аягы басылбаган чоң чатактар ырбайт. Мамлекет олку-солку болуп турганда коогалаңдын кимге кереги бар? Ошон үчүн Атамбаевдин камактан чыгаары күтүлүп, Кремль төбөлдөрү да тынчсызданып, Бельянинов учагын камдап жатканы айтылууда. Орустар менен мамилени бузуу кимге опо? Андыктан, экс-президент Москвага барып, жогорку профессионалдуу врачтардын көзөмөлүндө дарыланып, ден-соолугун чыңдап алса, анан кайрадан кам агына келет болуш керек.

Орусияда Бельяниновдон башкасы Алмазбек Атамбаевди унуткан сыяктуу. Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш бир жарым кылымдан ашты. Орусиянын Ала –Тоого келиши жарык чачкан таң болдубу же капкараңгы күүгүмгө айландыбы, аны ар ким сезиминен туюп алар. Орустар келе электин алдында кыргыздар туңгуюкка такалышкан. Түштүк тарабы али экономикалык өнүгүүнүн арткы баскычтарында турган Кокон, Бухара хандыгы, чыгыш тарабынан калмактарды кырып ордуна жаңы чек орноткон Кытай, түндүгүндө тең жарымы Орусиянын карамагына өтүшүп, тең жарымы Орусия менен ачык душмандыкка чыккан казак хандыгы болгон. “Кайда барбасаң Мамайдын көрү” болуп калган. Ушундай чалкеш замандарда Орусия менен кызматташтык башталган. Дүйнөлүк аренада Кыргызстанга окшогон чакан мамлекеттин зор державалар менен карым –катнаш кылып турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Совет мезгилинде Москванын СССРдин чет жакаларында турган Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири чоң болду. Саясий жактан да Кыргызстан автономиялуу областы, автономиялуу республиканы жана да союздук республиканы СССРдин канатына калкаланып жүрүп алды. Кыргызстандан аянты (Якутия) же болбосо калкы (Татарстан) көп автономиялуу республикалар Орусиянын курамында калган мезгилде Кыргызстан эгемендүүлүккө жетише алды.

Орусия менен бир жарым кылымдан бери келе жаткан кызматташтык, маалыматтарды биз англис, кытай, француз, немец тилдеринен эмес орус тилинен алгандыгыбыз жана тарыхий жактан Орусия менен байланганыбыз бүгүнкү күнү канча кыйкырганыбыз менен Орусияны алдыга сүрүп чыгарды. АКШ же башка өнүккөн мамлекеттер кыргыздын табагына бешбармак салып бербейт. Орусия башка мамлекет, ошондуктан биздин ички саясатыбызга кийлигишүүсүнө дүйнөлүк конвенцияларды жазылгандай мыйзам жол бербейт. Бирок, биздин ич ара болуп жаткан ыйкы –тыйкыларыбызга сырттан башкалардай эле көз салып турууга укугу бар.

Бельяниновдун пикири боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоого жана тынчтык келишимдерин түзүүгө «жумшак күч» менен элдик дипломатия жардам бере алат. Бул тууралуу Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы, РФтин эмгек сиңирген экономисти Андрей Бельянинов билдирди. Ал «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн диалогу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү жолдору» деп аталган Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан — Бишкек видеокөпүрөсүнүн алкагында сүйлөдү:

«Эл тынчтыкта жашагысы келет. Мен Кыргызстанда да, Тажикстанда да болгом. Жолдун бир тарабында кыргыздар, экинчи тарабында тажиктер жашайт. Бул жол чек ара болуп калганына эч ким күнөөлүү эмес. Менимче, чек араны тактап мыйзамдаштырууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө «жумшак күч» менен элдик дипломатия жакшы жардам бермек», — деди Бельянинов. Ал мындай кырдаалда "сүйлөшүүгө отуруп, саясатчылар кимиси эмнени туура эмес жасаганын талкуулашы керектигин" белгиледи. Эскерте кетсек, Евразия элдеринин башкы ассамблеясынын жыйыны өтүп, анда төрт жылда жасалган иштер талкууланды. Евразия элдеринин ассамблеясы — бул евразиялык интеграцияга ыктап, тынчтыкты сактоо, достукту, ынтымакты бекемдөө боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдар менен жарандардын эл аралык союзу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости