www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинде жакшы салттар бар эле, эки эр чатакташа кетсе, ортосуна аксакалдар түшө калып жараштырып коюшчу. Бүгүнкү жөнөкөй аксакалдарды теңсинбей эч ким укпайт, ал эми атка минер аксакалдар “дүжүр чалдарга” айланышкан. “Дүжүр чалдар” жышма болуп алышкан, ошондуктан экөөнө калыстыкты айткандын ордуна кайра бири-бирине кайраштырып, жышып келишти. Эң эле өкүнүчтүүсү ушул. Атамбаев - Жээнбеков тандеми 2017-жылы президенттик шайлоодо бирге чыгышып, ошол мезгилде  Бабанов бул тандемге каршы 30 пайыздан ооп кеткен. Мындай КМШда болгон 1995-жылы Ельциндин атаандашы Зюганов  30 пайыздан ооп кетип, Ельцин үчүнчү чыккан Лебедди кошуп алып, араң экинчи турда жеңген.

Президент “Англия королевасына” айланмак беле?

Атамбаев - Жээнбеков тандеми биринчи турда жеңишке жетишти. Жээнбеков президенттик инаугурацияга чейин да, президенттик инаугурацияда да, ал эмес кийинки жылдын апрелине чейин Атамбаевге унчуккан эмес. Арийне, бийлик өзгөрүлбөй кала берген. 2016-жылдагы референдумда өзгөртүлгөн Башмыйзам боюнча өкмөт башчысы фракция жетекчиси менен биригип кызмат ордун дайындайт, ал эми президент 3 күн мөөнөттө кол койот. 3 күн мөөнөттө кол койсо да, кол койбосо да мыйзам күчүнө кирет. Бул акыры президентти “Англия королевасы” деңгээлине түшүрмөк, “Англия королевасы” да түбөлүктүү, королева Елизавета IIчи 1953-жылдын 2-июнунан бери Англиянын королевасы. Арийне, анын укуктары чектелген, элчилерди кабыл алат, сыйлык, наамдарды берет, премьер-министр кабыл алган мыйзамдарга кол койот. Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча кааласа президентти импичмент менен жок кылмак. Анткени, парламент деле бийлик кимде болсо ошого ооп кетмек. Атамбаев Кой-Ташта жатып алып мыйзамда жок суперпрезидентке айланмак.

 Жээнбековго президент катары мамлекетте стабилдүүлүк “суудай” керек болгон. Кантип эле мурунку президент Атамбаев оппозицияга өтүп алып, чуру-чуу түшүрүп жатканын кааласын. Эгер Атамбаев өз макамы менен жүрө берсе, ага ким тийишмек эле. Атамбаевге да Жээнбеков менен жакшы мамиледе калып ШКУ, ЕАЭС сыяктуу эл аралык саммит Бишкекте болгондо, Казакстандын мурунку президенти Назарбаевдей жыйынга ардактуу мейман катары катышып турса болмок, Назарбаев президенттер менен катар жыйындарга катышып жатат, же Путинге окшогон мурунку кызматташтары  иш сапары менен келип калса, протоколу жок 1-2 саатка божурашып алса болмок. Атамбаевге андай возуйпа тагылган жок, ШКУ саммити Бишкекте өткөнү менен, мурунку “бир сындырым нанды тең бөлө жешкен” кесиптештери Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкиси келишпей Атамбаевге жолугушуудан оолакташты.

Кой-Таш окуясы

Июлду аяктай Атамбаевдин бир чети классташы, бир чети кайынагасы Андрей Бельянинов Кой-Таш айылында республика түзгүсү келген экс-президентти Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуктурууга өбөлгө түзүп берген. Орусия менен Кыргызстан өнөктөш мамлекет, көп эл аралык уюмдарда бирге, ошондуктан “экинчи Украина” же Грузияны Москва каалаган жок. Биздин мамлекетте тынчтык орноп турушуна Москва деле тилектеш. Ошондуктан, Атамбаев менен болгон кыска жолугушууда Путин биздин мамлекетте стабилдүүлүк орноп турушуна тилектештигин билдирет. Ал үчүн бийлик менен тирешип турган Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан чыгып кетиши керек эле, же азыркы шартты тандаш керек болгон. Атамбаев кечээ өзү шылдыңдап күлүп жүргөн Акаев, Бакиев сыяктуу сыртка чыгып кеткенди тандаган жок. Атамбаев өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосуна ишенип, алар аркылуу Орусияга каршы Батышка басым жасагысы келип, Кой-Таш айылын Элдик Республикага айланткысы келди. Батышка да,  өкмөттүк эмес уюмдарга да Атамбаевдин кереги жок эле, аларга Кыргызстанда чыр болуп турганы майдай жагып турган.

Августтун башында президент Жээнбеков Ысык-Көлгө эс алууга кетет. 7-август күнү кечки саат 8-де Атамбаев жайгашкан хансарайды 1917-жылы 7-ноябрда Кышкы сарайды штурмалаганга алгандай, штурмалай баштайт. Бул штурм оңой баага турган бир адам чыгымга учурап, бир топ адамдар жаракат алышат. 8-августта эс алууда жүргөн президент кайтып келип тиешелүү адамдар менен жыйын өткөзүп, 8-августта бул иш тамамдалат. Натыйжасы, Кой-Таш Элдик Республикасы тарайт, Атамбаев камалат, Атамбаевдин аркасы менен бекер эт жеп жүргөндөр анын Кой-таштагы үйүн талап-тоноп, мародерлук кылып кетет. Эми Кой-Таш окуясына ким күнөөлүү экенин атайын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев түзгөн Жеңиш Разаков башында турган комиссия чечип жатат. 2019-жылдын 12-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча кармалган саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы каралып, сот аны тергөө бүткөнгө чейин эки айга камоо чечимин чыгарды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына сурак берип чыкты. Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча парламенттин депутаттары Асел Кодураңова менен Ирина Карамушкина дагы суракка чакыртылган. Андагы барымтага алуу жана башаламандык боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов баш болгон бир нече адам кармалып, камакка алынган. 

Ар бир мамлекет башчысы командасы менен келет. АКШдабы, Орусиядабы “ключевый посттордо” бийлик башынын ишенген кишилери турат. Атамбаевдин башкы таарынычы жогорку кызматтарда менин кишим болот, мыйзам боюнча кызматтарды өкмөт башчысы чечет, президент болсо “Англия королевасы” деңгээлине наам, сыйлыктарын берип жүрө берсин сыяктуу. Муну Назарбаев куп пайдаланды, анткени “Нур-Отанга” башка партиялар караандабайт, аны жетектеди, Коопсуздук Кеңешин алды, президенттен кетти, бирок бир топ эл аралык уюмдарга президент болду.

“Кара чымындар”

Биздин мамлекетте президенттен кеткен адам саясий уюмдарды жетектөөгө мыйзам жол бербейт, Атамбаев президенттен кеткен соң мамлекеттин иштерине киришпей, сый гана четтеп, сыртынан карап турса мынчалыкка жетмек эмес. “Эки дөө кагышса, ортодо кара чымын өлөт” –деген кеп бар, бизде “кара чымындар” өлгөн жок, “кара чымындар” гүлдөдү:

1.  “Кара чымындардын” эки президенттин достугу эмес, кастыгы майдай жагып турган. Бул экөө биримдиктүү оокат кылганда  “кара чымындарга” бийлик тараптан орун жок эле, ошондуктан экөөнү бири –бирине жамандап жатышып, мансап да алышты, бири Жээнбековго, кээ бири Атамбаевге жакындашты.

2. “Кара чымындардын” арасында ар кандай себеп менен Атамбаевдик бийликтен запкы жегендер, куугунтукталгандар бар эле, булар жаңы бийликке жакындашты.

3. Атамбаевдин оппозицияны оп тартып жетектегенге тажрыйбасы бар. Кыргыз эли эч натыйжа чыкпай кайра-кайра  бийлик алмаша бергенден тажап бүтүштү. Оппозицияга келерки бийликтен мансап үмүт эткен саясатчылар, ОБОНчулар, азыркы бийликке тескери көз караштагы журналисттер, акча алгандар гана кошулуп, мурункудай  кыргыздын бийликте жок карапайым эли бул экөөнүн тирешип тургандарын көп жактырган жок. Бирок куугунтукталган адамдын эл арасында баркы көтөрүлөт. Атамбаев деле учурунда бийликке каршы чогуу жетелешип жүргөндөрүн бийлик башына келгенде эмне кылды, ал аны бийликке жетелеп келгендерди жанчып, соттоп, камап, акча дегенде көздөрү тунарган “балашкалардан” команда түзгүсү келген, бирок, башына күн түшөр менен алгач ошол “балашкалар” сатып кетти.

4. Атамбаев менен Жээнбековдун жаатташып турганынын зыянын эл тартты. Себеби улам –улам чыр боло берип мамлекеттин кызыкчылыгынан, жеке кызыкчылыктар көбүрөөк маанилүү боло баштаган.

5. Элге аймактардын ортосунда карама-каршылыктын деле кереги жок. Бирок эки лидердин эки аймактан чыгышы “Түндүк-Түштүк” маселесине да таасирин тийгизет.

6. “Кара чымындарга” деле жаман болгон, себеби алдастап калышты. Мурун эки тарапта тең жүрүп, бирине-бирин кайраштырып турса, эми бир тарабына гана барбаса уят болуп калат. Кээ бирөө азыр Жээнбековдун колтугунда күн көрүп жатат. Бирок, бийлик да түбөлүк эмес, муну кечээ эле мамлекетти сөөмөйү менен чимирип турган Атамбаев көрсөтүп жатат. Көрсө, бийликтен түшкөн адам, өзүн “бечара” сезип калат окшойт.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости