www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевди коррупционер кайынагасы Андрей Бельянинов бийликтен катып Кант аркылуу алып кетти, эми Акаевдин кейпин кийип калышы мүмкүн. Алмаз Атамбаев качса кошо качабыз дешкендерди  качырбай, мындайды башынан өткөрүп калган эл, чек аранын “тешиктерин” бекитип эл алдында жооп бергидей кылабыз деп жатышат.

 

Атамбаев эмнеге “кызматка жараксыз” - деген жолдомо жаздырып алган

2013- жылы июнда президент Алмазбек Шаршенович Түркияга иш сапары менен барганда, түрк дабагерлери саламаттыгын терең анализдеп, “кызматка жараксыз” - деп жолдомо жазып беришкени тууралуу сөз болгон. Бул медициналык справканы экспрезидент эмне үчүн алды? Жандырмагы, эми чечилмей болду. Ансыз деле элге бара албай, элден четтеп калган президент Атамбаев акыркы мезгилде капчыгын акчага толтургусу келгендерге акчасын, тамак-ашын аябай бир топ мезгил кармап турду. Бирок аны түбөлүккө кармап турушу мүмкүн эмес эле, анткени алардын аягы суюлуп бараткан.

 

 Ал дайыма, мен болсо  кетип калам, силер болсо каласыңар деп опурулганын айтып жүрүшөт. Ушулардын негизинде Атамбаевдин Түркиядан “кызматка жараксыз” - деген тыянак чыгарганы чындык болсо керек. Анда неге кызматка жараксыз адамга мынча эмне үмүт артабыз?

 

Атамбаев менен Путиндин мамилеси

Путин Атамбаев менен салкын мамиледе болгон. Экөөнүн ортосундагы мындай мамиле салкындап отуруп 2016-жылдын башына “апогейине” жеткен. Ал эмес орусиялык гезиттер мындай оор кырдаалды Орусия менен тирешип жаткан мамлекеттер да жасабайт деп сүрөттөшкөн. 

Атамбаевдин мындай олку-солку саясаты Түркия, Казакстан, ал эмес Ислам Каримовдун учурунда Өзбекстан менен мамилени салкындаткан. 2017-жылы Сочиде жолугушканда журналист Сыягүл Караман Путинден кыскача маек алганда Атамбаевге да киши теңелеби дегендей кылган. Демек, Путиндин Атамбаевден тезинен кутулгусу келген. Анын Назарбаевге жасаган мамилеси да баланын оюнундай болуп калган.

2016-жылдын башында Атамбаевдин айынан орус –кыргыз мамилеси эң начар абалга келген. Ошол эле жылы күзүндө Путин Кыргызстанга келгенде Атамбаев ашыкча ичип алып, президенттик этиканы сыйлабай Путинди кучактап өпкүлөп айласын кетирген. Путин мамлекеттик жетекчи катары орус-кыргыз мамилесин үзбөй Атамбаевдин кучагына балкып берген. Ал мезгилде кыргыздын улутчул патриоттору Орусияны 1916-жылы кыргыз элин Үркүндө геноцид кылган деп мойнуна алышын талап кылып турган. Кыргыз улутчулдары мындай талап коюп жатканда Кремлдин бийлик менен жакшы мамиледе болушу зарыл болгон.

Владимир Путин Атамбаев менен Кремлде жолукту. Путиндин айтымында, ал Атамбаев менен аймактагы абалды талкуулаган: “Учурдагы жана мурдагы кесиптештерим менен баарлашууга дайым даярмын. Алмазбек Шаршенович менен аймактагы кырдаалды сүйлөштүк. Менин позициям белгилүү, ага дагы айттым. Кыргызстан башынан бир топ нерсе өткөрдү. Эми кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтоо керек”, — деди Путин.

Орус президенти кыргызстандыктар азыркы бийликтин айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керектигин кошумчалады. “Өлкөгө саясий стабилдүүлүк керек. Эл азыркы президент Сооронбай Жээнбековго өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жардам бериши керек”, — деди Путин.

Ал Орусия Кыргызстан менен кызматташуу жаатындагы бардык пландарды иш жүзүнө ашырууга кызыкдар экенин айтты. “Чогуу жасай турган иштерибиз көп. Азыркы бийлик менен алардын баарын ишке ашырабыз деп ишенем”, — деди президент.

Бул сапар анын экс-президенттик макамынан ажыраган, бир нече кылмыштарга шектелип, тергөөнүн күбө катары чакырыктарынан баш тарткан учурга туш келип отурат.

 

Раиса Атамбаева тууралуу

Ал учурда КТРК Атамбаевдин ушагын таратканы аз келгенсип, «сокурду соо деп, соону сокур кылган» «аферасын» көрсөткөн. Булар учурунда сопсоо Ташиевди «жин дарты» бар деп диагноз да коюп чыгышкан. «Оглянулся упал, очнулся гипс, тоюз меникс» болгон Атамбаевдин операциясы тууралуу КТРКда эч бир ооз ачпай, иштеп жаткан адам катары кѳрсѳтʏп элдин оозун ачырган. Ушинтип элге тескери кабар жетет. Андан кѳрѳ КТРК жаап-жашырбай эле: «Улуу урматтуу Алмаз Шаршенович, Путинге тизелеп жʏрʏп тизеси кѳнʏп калыптыр, Медведевге тизелей коём деп,тизесин мениск кылып алып операция жасатты» - десе, чындыкты эл укмак. Ал кездеги кыргыз президенти операция жасатып, таяк таянып  жатса,бир ооз ача албаган, КТРКга баракелде!

Ошол кезде Раиса Атамбаева Казан шаарына бүткүл татарлардын жыйынына барат. Татар президенти Минниханов да катышкан бул чоң жыйында Раиса Минахмедовна: “Душа моя – Татарстан” – деп, канайым айтпай турган сөздү айткан. Ошол эле кезде кыргыз элин шылдыңдап кыргыздын улуттук кийимин Брюсселдеги “Сийип жаткан балага” кийгизген.

Бүгүнкү күнү  Раиса Атамбаевнын “душасы” Татарстандын борбору Казанда Атамбаев курган хансарай заңгырап турат, бул тууралуу өзүнчө сөз болор.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости