www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий серепчи, Бакыт Бакетаев, «Атамбаевди эркиндикте калтырууга болбой калды», деп "Майдан. kg” гезитине маек курган.

Атамбаев үчүн эсине келип, этегин жыйчу учур келди. Мурдагы президенттин Кой-Таштагы иш-аракеттери акылга да, логикага да сыйбай баратат. Фантазиялары да, ойлоп табуулары да чексиз болуп бараткансыйт. Эптеп эле короосундагы элди кармап, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн ушундай бир чети күлкүнү, бир чети кыжырды келтирген аракеттерди жасап жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү болуп калды. Аргасыздан «…мурдагы президент түнү менен сценарийин жазып, эртеси күнү аны ишке ашырып аткан окшойт» деген ойго кептелбей койбойсуң. «Бийлик күч колдонгону жатыптыр» дегендей чагымчыл маалыматтарды өздөрү таратып, кайра ага өздөрү реакция кылып, айтор мунун баары кырдаалды чыңалтуу максатында жасалып аткандыгын түшүнүү кыйын эмес. Ал өзүнүн жасап жаткандарына отчет берип жатабы?  Ал чындап эле ушундай жолдор менен максатына жетем, жазадан кутулам деп ойлойбу? Качанга чейин бир ууч элдин артына жашынып, аялдар менен балдарга корголойт?

Бул суроого Бакыт Бакетаев жооп берди:

- Алмазбек Атамбаев үчүн эсине келип, этегин жыйчу учур келди. Менимче, чечилгис, туңгуюктук абал жаралып калды. Мындай абал качанга чейин уланмак эле? Чекит коюлушу керек. Атамбаевди эркиндикте калтырууга да болбой калды. Ал Сооронбай Жээнбековго тынчтык бербей, иштетпей айласын кетириши ыктымал. Андан кийинки келчү президенттерге да тынчтык бербейт. Ошондуктан кырдаал туңгуюктук деп айтып жатам. Атамбаевди өлкөдөн чыгып кетет деп божомолдоо жаңылыштык. Мурдагы президент Кыргызстандан эч жакка кетпейт. Антсе ал саясатчы катары өзүнүн эртеңине биротоло чекит коёт. Анын үстүнө ал Сапар Исаковду, Кубанычбек Кулматовду кантип таштамак эле?

Алар Атамбаевдин айынан абакта отурушпайбы. Демек, бул кырдаалдын тынч чечилүүсүн көрө албай турам. Аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей абал.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости