www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясий туткундардын укугун коргоо комитети саясий негизде соттолгондордун тизмесин түздү. Коомдук уюмдун аныктоосуна ылайык, 2016-2017-жылдары кылмыш иштердин негизинде саясий негизде 26 киши соттолгон. Алардын катарында, Дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчиси Тойгонбек Калматов, экс-вице-премьер Бекболот Талгарбеков, президенттик кызматка талапкер болгон Толубай Колубаев, Биринчи Май райондук сотунун мурдагы жетекчиси Марат Султанов, «Элдик парламенттин» мүчөсү Александр Гусев, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, экс-мамкатчы Дастан Сарыгулов, энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков бар.
Ошондой эле тизмеге «Ата Мекен» Өмүрбек Тексбасв, ӨКМдин экс-жетекчиси Дүйшөнкул Чотонов, Жогорку Кеңештин мурдагы
депутаты Садыр Жапаров, Ошс областындагы ИИМдин мурдагы башчысы Абдылда Капаров жана депутат Канатбек Исаев кирген. Саясий туткундарга жарандык активисттерден Сабыр Жапаров, Рустам Жапаров, Адылбек Исаев, Анарбек Бейшебеков, Шамшидин уулу Айдынбек, Улан Усупов, Байказы
Казиев, Жаныбай Женишбеков кошулган. Мындан тышкары Эрланбек Тагаев, Абдыманап Бегишов, Калыбек Жапаров да саясий туткун деп табылган. Саясий туткундардын укугун коргогон комитет аталган адамдардын иши жаңы жагдайга карата кайра каралышы керк деген талап коюшууда.
Булак: Мантыш