www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл сайын жаз келери менен өлкөдөгү саясий күчтөр жандана түшөт. Мындай көрүнүшкө көнүп деле бүттүк. Быйылкы «сезонду» кышта бир жолу «үн каткан» бойдон «чээнге кирип кеткен» кадимки «балп этме» байкебиз Алмазбек Атамбаев ачты. Бийликтен кеткенден бери, улам бир жан-жөкөрүнүн миллиондон уурдаган кыңыр иши ачыкка чыгып, элдин АШАга болгон жек көрүүсү күн санап өсүп жатсада байкебиздин бети кызарайын деген түрү жок.
Башкасын айтпаган күндө да 600 долларлык аттиштер, 14 мин долларлык жыгач аттар сыяктуу шылуундук менен уурдалган миллиондогон каражаттар,элдин эсинен көпкө чейин кетпеси турган иш. Чындап келгенде азыр Атамбаевди «бир автобуска толбогон» Мискенбаевге окшогон «мистерлер» эле колдобосо, башкалардын АШАны «көрөйүн деген көзү жок». Муну Атамбаев өзү деле жакшы түшүнөт. Түшүнгөн үчүн элди чогултуунун амалын көрүп 17-мартты күтүп жатты.
Ошентип АШАнын максаты Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү эмес, азыркы бийликкс «киндиктен ылдый» сокку уруп жаманатты көргөзүү экени көп өтпөй билинди. Анткен анын сүйлөгөн сөзүнүн 5 пайызы гана Аксы окуясына байланыштуу болбосо, калганы бүт толук түрдө азыркы бийликке «арналды».
Атамбаев мурда деле алды артын карабай «балп этип» Текебаев айтмакчы чоң тойлорду да бузуп жиберчү. Каалаган убагында чет элдин элчилерин чогултуп алып «арманын айтчу». Бул жолу Атамбаевдин жазда-күздө «кармаган оруусу» кучөп тургангабы? Айтор бечара кишинин деңгээли аябай эле төмөн түшүп кетиптир. Болбосо, экс президент статусу бар адам, кайсыл жерден ким менен, кандай өңдөгү ичимдик ичкенин шардана кылмак беле? Антейин десең, бул сөз атайлап кара өзгөйлүк менен айтканы көрүнүп турат. Кыязы АША ушундай катын ушак менен азыркы президентин аброюна «көлөкө түшүрүүнү» максат кылгандай. Элдин көзү көрөгөч. Ким «кандай түстөгү» ичимдик ичип кайсыл дааратканада уктап калганынан бери жакшы билет. Андыктан, ичимдик тууралуу башка адам айтса да, АША ооз ача турган жерде эмес.
Атамбаев үй-бүлөлүк башкаруу жөнүндө айтып «элдин үрөйүн учурам» - деп ойлоп жатса керек. Анткен менсн айткан сөздөрүндө эл ынай тургандай эч кандай далили жок.
Эгерде фактысы болсо, анда эбак эле аны ай ааламга жар салып чыкмак. Анан да «мен бул адамды жана анын үй-бүлөсүн бийликке алып келгениме кечирим сурайм» - деп каңырыгы түтөптүр. «Шумдуктуунун төөсү жорго» - деген ушул. Жалпы эл тарабынан шайлана турган президенти АША кантип өзү эле бийликке алып келсин? Сооронбай Жээнбековду жалпы эл Конституциянын негизинде, альтернативдүү шайлоолор аркылуу тандап алды. АШАнын кытмыр оюу боюнча, Сооронбай Жээнбеков, бир гана АШАга кызмат кылып, айтканын «кыңк этпей» аткарышы керек болчу. Өзү болсо «Арашанда» чалкалап жатып өлкөнү башкара берем»- деген ойдо болгон. Анын «сары баласы», «таразачысы», «жан сакчысы», «кайниси», «татар кайнагасы» дагы ушул - сыяктуу «желдеттери» өлкөнү тоноосун ийгиликтүү уланта бермек.
Мындай кырдаалда Сооронбай Жээнбеков, бир адамдын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгын жогору коюп элдик президент боло алды. Бир жылдын ичинде эле, эски бийликтин мамлекетти мите курттай соргон жегичтерин «желкеден алып» түрмөгө тыкты.
Мындай аракет эл тарабынан колдоого алынганы менен АШАга жаккан жок. Ошол күндөн тарта, АША жана анын «акыл кошчулары» «үй-бүлөлүк башкаруу» - деген жомокту ойлоп чыгышты.
Эң кызыгы, кечээ эле Атамбаев «ууру» деп ачык эле айткан Равшан Жээнбековдун жыйындын «көркүн ачканы» өтө кызык болду. Жыйынтыктап айтканда, АШАнын 17- марттагы бийликти «мээлеп аткан» замбиреги «бутага тийбей» «кур дүрмөт» бойдон калды.
Каныбек Капармамбетов
Булак: Мантыш