www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Россия Федерациясынын Якутск шаарында (Саха Республикасы) жасалган зордуктоо фактысы жөнүндө маалымат тарап жатат.  Кылмыш иши жергиликтүү коомдук резонансты жаратып, шектелип жаткан адам Кыргызстандын тургуну экендиги көрсөтүлгөн.

Жогорудагы факты боюнча толук маалыматты берүү максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ИИМдин Өкүлчүлүгү төмөнкүлөрдү билдирет.

2019-жылдын 17-март күнү балдар аянтчасынан уурдап кеткен Якутск шаарынын жашоочусу (ал киши) зордуктоочунун курмандыгы  болуп, аймактык укук коргоо органдарына кайрылган. Якутскта Тергөө комитети тарабынан жергиликтүү жашоочуну уурдоо жана зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында шектүүнүн өздүгү такталып, кармалган.

Ал Кыргызстандын тургуну болуп чыккан. Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого дагы эки жаран шектелүүдө. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле, Якутиянын аймагында Кыргызстандан келген мигранттар тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттер бар экендигин белгилеп кетүү керек.

2019-жылдын 11-март күнү «Instagram» социалдык тармагынын колдонучуусу билдирме жазып, анда жергиликтүү жашоочулардын абийирине  шек  келтирген өзүнүн ой-пикирин билдиргендиктен, ал дагы коомчулук тарабынан коомдук резонанс жараткан. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ИИМдин Өкүлчүлүгү Якутсктагы ЖОЖдордун биринин студенти Ж.А. аттуу жаран менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Түшүндүрүү учурунда, социалдык тармактарда жогорудагыдай билдирмелерди жайгаштыруу туура эместигин көрсөтүшкөндөн кийин, ал социалдык тармактагы өзүнүн билдирмесин алып, кечирим сураган. 

Якутиядагы Диаспоралык бирикме анын коопсуздугу үчүн Кыргызстанга жөнөтүшкөн. 2019-жылдын 17-март күнү аялга карата  зомбулук фактысы боюнча нааразычылыктарын билдирген Якутск шаарында жергиликтүү жашоочулардын катышуусу менен митинг өткөн. Митинг учурунда коомдук коопсуздукту бузган фактылар катталган жок жана тартипти көп сандаган полиция кызматкерлери көзөмөлдөшкөн.

Жогоруда эске алынган  фактыларга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ИИМдин Өкүлчүлүгү аймактык ички иштер органдары менен тыгыз кызматташуу аркылуу укук бузууларды алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. Биздин жарандар кайсы өлкөгө барышпасын, ошол өлкөнүн мыйзамсын сыйлоого жана аткарууга, коомдук жайларда жүрүм-турумдун этикалык нормаларын сактоого тийиш.

Өткөн окуялардан соң түзүлгөн кырдаалды чечүү жана анын курчушун алдын алуу максатында Якутиядагы кыргыз диаспорасынын суранычы менен жакынкы күндөрү Якутск шаарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик миграция кызматынын, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ИИМдин Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери барышат.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы  Элчилиги биздин мекендештерди кайсы өлкөгө барышпасын, ошол өлкөнүн мыйзамсын сыйлоого жана аткарууга, коомдук жайларда жүрүм-турумдун этикалык нормаларын сактоого чакырып келет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости