www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоң районундагы Кызыл-Омпол уран кенинин айланасындагы маселеге өкмөт чекит коюп, аны иштеткен компаниянын лицензиясын кайтарып алды. Муну тастыктаган документ интернетке да жарыяланды. Мындан ары уран казуу эмес, чалгындоо иштерине да жол берилбейт. Бирок, уран маселесин саясатташтыруу, аны саясий кызыкчылыгы үчүн колдонуу күч алды. Бул тууралуу маалыматты БеспределKG-КР жазып чыкты. 

29-апрелде Балыкчыда митинг болуп, тыюу салынганына карбай жөө жүрүш башталды. Мындай кадамга барып жаткандардын көпчүлүгү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакындары жана анын тааныштары.

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, АШАнын жансакчысы Дамир Мусакеев 50 киши, президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алмаз Үсөнов 30 киши, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев 20, ашынган АШАчыл аял Рита Борбукеева 12 киши, Атамбаевдин жалданма журналисти Назгүл Мамытова 10 киши алып чыккан. Бул 120 адам өтө жакшы каржыланган деген кептер бар. Алар жогорудагы адамдардын классташтары, достору жана тааныштары.

Атамабаевдин адамдары уранга каршы митингди 30-апрелге дайындап, Бишкек мэриясы “Ала-Тоо” аянты эмес, М.Горький паркына өткөрүүнү сунуш кылды. Бирок, булар ачыктан-ачык чагым салуу менен элди аянтка үгүттөп жатат. “Бийлик аянтка митинг өткөрүүгө тыюу салды, баарынар аянтка бара берлиге” деген билдирүүлөр Фейсбук, Твиттер, Инстаграм,  WhatsApp социалдык түйүндөрү аркылуу тездик менен таратылып жатат. 

Демек, Атамбаев буларга акчаны өкүртө берген. 30-апрелде топтолгон элге тымызын курал колдонуп, кан төгүп аны бийликке шылтап коюшу да мүмкүн. Анын үстүнө Атамбаевге караштуу маалымат каражаттары “өкмөт элди резина ок менен атуу токтотомун чыгарды” деген ушакты токуп, аны да тездик менен таратууда. 

Кыргызстандын туруктуулугу, келечеги бир гана адамдын тагдырына көз каранды эмес. Акчанын күчү менен мамлекетте туруктуулукту бузуп, коррупциялык иштерди жашырам дегендер терең жаңылат. Уурададыңбы жооп бер. Ошентсе да укук коргоо органдары сергек жана сак болушу керек. Оозду ачмай жана кенебестиктин кереги жок. Кыргызстанга тынчтык керек. 

Баса, уран кени 2010-жылдан кийин казыла баштаган жана кенди казганга руксаат бергендерди учурлдагы бийлик тез арада жоопко тартышы зарыл. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости