www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Президенти Дональд Трамп, анын үй-бүлөсү жана Trump Organization компаниясы кечээ, Deutsche Bank банкын жана Capital One компаниясын сотко бергендигин РИА Новости жазып чыкты.
Маалымат боюнча, АКШнын каржылык чалгындоо кызматы бир нече банктарга Трамптын байлыгы жана анын Орусия банктары менен болгон бизнеси тууралуу маалымат талап кылган кат жөнөтүшкөн.
Чакырык каты Трамп менен 20 жылдан бери бизнес мамиле түзүп келе жаткан Citigroup, Bank of America, JPMorgan Chase жана Deutsche Bankтарына барган.
АКШ лидери өз кезегинде арыз менен Нью-Йорктун Түштүк округундагы сотко кайрылып, Deutsche Bank жана башка банктарын АКШнын каржылык чалгындоо кызматынын катына ашыкча маалымат берүүгө жол бербөөсүн сураган.
Трамп арызында:“Аталган чакырык каты Трамптын жеке иштерине, үй бүлөсүнө таандык каржылык жагдайларына кийлигишүүгө жол берет. Бул мага саясый чыгым болушу толук ыктымал. Мунун артында саясат турат”- деп жазган.
Булак:NazarNews.kg