www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таарынычы тынчтык бербей жаткан экс-президент күн сайын кекенип, ачууга алдырып, өзүнүн көзөмөлүнөн өзү чыгып, мойнуна шайтан отуруп алды. Бул тууралуу "Чалкан" сайты жазып чыкты.
Ал, эптеп элди көтөрүп, бийликке тынчтык бербөөнүн аракетинде. Өзү бир кезде айткандай, бузукулук кылып жатат. Көп жолу чагымчылдык кылууга ыңгайлуу учурларды күттү. Үмүттөрү акталган жок. Эми, баягы "кыз боозуп, энесин коркутат"-болуп, өзү убагында уруксат берип, 2020-жылга чейин чалгындай бергиле деген уран кени боюнча чечимине каршы чыгып жатат.
Балыкчыдагы уран кенин казуу боюнча уруксат алган компания 2010-жылы лицензия алган, 2015-жылы Атамбаевдин "кошелегу" аталган Зилалиев тарабынан мөөнөтү узартылган. Жакшы билгендей, Зилалиев экс-президенттин жакын адамдарынын бири болгон.
Ал, Атамбаевдин чечимисиз эч кандай чечкиндүү кадамдарга бара алчу эмес. Чуу жарата турган кен байлыкты чалгындоо үчүн лицензиянын мөөнөтүн узартып салуу Зилалиевдие жеке чечими эмес экенин кантип билбейбиз? Сөзсүз түрдө Атамбаевдин аралашканын чечкиндүү айтсак болот. Эми, өзү мамлекетти бийлеп, көздөй кадрлары аркылуу уранга уруксат бердирип, эми элди козутуп "кокуй Жээнбеков уранды каздырып жатат"-деп кыйкыртып, бузукулук кылып жатат.
Уран темасын жалаң Атамбаевдин командасы чуу жараткысы келүүдө. Бирок, кыргыз өкмөтү уран иштеткен компаниянын лицензиясын алып, ишин токтотуп, кызматкерлерин үйлөрүнө таратып жиберген. Уран казуу иштерине Отунбаева менен Атамбаевдин салымы болсо дагы АШАнын бул жоругу "кыз боозуп, энесин коркутат!" деген сөзгө жарашып эле калат экен.
Булак: NazarNews.kg