www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент А. Атамбаевдин «Мен элитаны жашартам» деген аракетинин арты менен үлкөн кызматтарды аркалаган, вице-премьер-министрликке чейин жеткен Дүйшөнбек Зилалиев 158 миллион сомдук кыймылсыз мүлктөргө ээлик кыла турганын маалымат булактарынын бири жазып чыкты. Муну УКМКнын маалымат кызматы да тастыктаганын кошо жазды. Булар анын ээлик кылган кыймылсыз мүлктөрү эле деп кошумчалаган "Чагылган" сайты.
Андан сырткары анын үйүнөн 3 миллионго жакын сом, 100 миң АКШ доллары, банктагы ячейкадан 890 миң АКШ доллары табылганын билебиз.
Ошондо ушунча мүлккө Зилалиев мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрүп кантип жетишкен болот? Чиновниктердин алган айлыгы дурус болгону менен анысы күнүмдүк тамак-аш, чыгымдарынан артпай турганы белгилүү да. 158 миллион сомго борбор калаабыздан канча батир алса боло турганын эсептей бериңиз. Бир бөлмөлүү батирдин баасы орточо – 2 миллион сом. Ошондо 158 миллионго 79 батир келет. Ушунча мүлктү таза жол менен тапкам деп Зилалиев кантип айта алат?- деп толуктаган аталган сайт.
Сүткө тойгон күчүктөй болгон Зилалиев тапкан акчаларынын табышмактуу сырын ачыкка чыгарса керек. Болбосо боз уланды какшаткан уран кенин, болор-болбос акчага лицензия бергенинин себебин айтаар.
Булак: NazarNews.kg