www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевге дагы бир кылмыш иши козголду

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы дагы бир кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев жергиликтүү ММКлардын бирине маалымдаган.

Слесаревдин айтымында, Алмазбек Атамбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Кылмыш иши Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу экени маалым болду.

“Буга чейин бул ишке Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун да катышуусу бар деп, алар сурактан өткөн. Алмазбек Атамбаевге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү. Кубанычбек Кулматовдун мектепти куруу зарылдыгы жана аны кытайлык компаниянын эсебинен куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазган катында мурунку мамлекет башчынын “Мен макулмун” деген кол тамгасы бар. Бирок, билим берүү мекемесин куруу чечими өкмөт тарабынан кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек. Атамбаев виза берүүгө милдеттүү болчу, анткени бул кат алышуу катары бааланат. Ага кат келсе, жооп бериши керек да туурабы”, - деди Сергей Слесарев.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге ансыз деле бир нече кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен эң чуулгандуусу 2019-жылы болуп өткөн Кой-Таштагы башаламандыктын уюштуруучусу катары шектелип, соттук процесстер дагы деле өтүп жаткан учуру.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости