www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Христиандардын католиктери, протестанттык баптист, иегово жана башка секталары РОЖДЕСТВО майрамын 25-декабрда өткөрүшсө, православдар чиркөөсү 7-январда РОЖДЕСТВО майрамын белгилешти. Орус империясынын колониясында жана СССР заманында колубузга кишен салып көнүп калган жаныбыз эгемендүүлүктү алган соң 90 пайыз ислам дининдеги Кыргызстанда православдардын майрамын майрам күнү катары тааныдык. Президент Аскар Акаев аны менен эле тим калбай орус тилине ыйгарым укук берип экинчи мамлекет тил катары тутуна баштаганбыз. Эмне үчүн кыргыз, өзбек, күрт, казак, дунган, уйгур жана башка 90 пайыз мусулман мамлекетинде православдардын майрамын белгилешибиз керек? Андай болсо дүйнө бүт белгилеп жаткан 25-декабрь РОЖДЕСТВО майрамын деле дем алыш катары белгилешибиз керек го. Бизде деле католиктер, баптисттер, иеговолор бар эмеспи? Элибиздин онго жетпеген пайызы белгилеп, калгандарынын иши да болбогон бул майрамда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы «жер тыңшаар Мамыт» Талант Мамытов кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктап, каалоо-тилек айтты. Куттуктоонун текстин маалымат кызматы таратты.
Мамытов бул илгери үмүт, ишеним, жарык маанай тартуулай турган майрам экенин белгилеген: "Кыргызстандын православ чиркөөсү кылымдарды карыткан бай тарыхында улут аралык тынчтыкты бекемдөөгө, мамлекет жарандарын Ата Мекенди сүйүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды урматтоого тарбиялап, диний конфессиялар аралык диалогду чыңдоого чоң салым кошуп келет", — деп айтылат куттуктоодо.
Сөзүнүн соңунда Мамытов жалпы элге бекем ден соолук, ар бир үйгө береке каалап өткөн. «Жер тыңшаар Мамыт» Талант Мамытов майрамды православдар тосуп алса, жалпы элди майрамы менен куттуктаганы туурабы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg