www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атлантика океанында Сенегалдан чыккан качкындар менен үч кайык дайынсыз жоголду. Испаниянын Канар аралдарын көздөй кеткен кемелерде 300дөн ашык адам болгон. Алардын баары дайынсыз жоголгондордун тизмесине кирди.
Мигранттарга жардам көрсөтүүчү Walking Borders уюмунун өкүлүнүн айтымында, биринде 65, экинчисинде 50-60 киши болгон эки кайык Сенегалдан кеткенден эки жума өткөндөн кийин байланышын токтотушкан. Үчүнчү кайык 200 мигрант менен 27-июнда өлкөдөн чыгып кеткен.
Африка өлкөлөрүнөн келген мыйзамсыз мигранттар тынымсыз Испаниянын чек арасынан өтүп, өлкөгө кирүүгө аракет кылып жатышат. Испаниянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Испанияга 8,5 миңден ашык мигрант кирсе, анын жарымы Канар аралдарына келген, деп билдирет Reuters.
Буга чейин Ла-Манш аркылуу Улуу Британияга 700дөй мыйзамсыз мигрант келген.
Булак: NazarNews.kg