www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атыр Абдрахматова: “БШК айрым талапкерлерди калкалап жатат”

БШК айрым талапкерлерди калкалап жатат. Бул тууралуу юрист, БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

--“Баарыбызга белгилүү болгондой кезексиз президенттик шайлоого карата үгүт иштери башталды. Тилекке каршы айрым саясатчылар ката кетирип жатат. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы көз жумуп, калкалап жатканы айдан ачык көрүнүп турат. БШК баардык талапкерлерге бирдей мыйзам чегинде мамиле кылууга милдеттүү.   Себеби, ар бир эле шайлоо учурунда мындай көрүнүш кайталанат. Ошондой эле БШК президенттикке талапкер топтогон колдорду жарактуу деп коюшту. Буга чейинки мыйзам бузууларды аныкташы керек болчу. Үгүт иштерин жакшылап көзөмөлдөп, журналисттерге, активисттерге маалымат берип, коомчулукка тушүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болчу. БШКнын ишинде кемчиликтер абдан көп. Мыйзам бузууларга жол берилип жатат. Активдүү иш-аракеттерин көрө алган жокмун. Андыктан бул шайлоодо дагы мурдагы катачылыктар кайталанып калышы мүмкүн”, - дейт Абдрахматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости