www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия товарларды маркалоо тутумун түзүү үчүн 2021-2022-жылдары Кыргызстанга 623,4 миллион рублга чейин каражат бөлөт. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон, жана министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган өкмөттүн буйругунда айтылат.

"Россияда Өнөр жай жана соода министрлиги Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тутумун түзүү максатында, Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына акысыз техникалык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоого, бюджеттик каражаттарды 623 миллион 402 миң рублга чейин бөлөт,"- деп айтылат жарлыкта.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости