www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүн президент Атамбаевдин мураскору катары сезген, Тайырбек Сарпашев бийликке жакындай элек жатып, чоң кызмат түшүнө кирчү болуптур. “Тооктун түшүнө таруу” – кирет. Токтогулдагы туулган айылында Майрам Акаеванын классташы катары чоң мансаптарга жетишкен Тойчубек Касымов кайынатасынан таянып, жердин барын жеке менчиктештирип алганы үчүн кадыры жок Сарпашевке азыркы бийликке суутуп коюптурбу?
Сарпашевдин жомок болуп жүргөн “Градиент” фирмасы Бишкектин мэри ѳткѳргѳн тендерлерди бʏтʏн жеӊип, шаардагы жол, кѳпʏрѳлѳрдʏ курумуш болду. Андан башка Сарпашевдин “Кумтѳргѳ” мотор майларын ташып келʏʏ боюнча тендерди утуп алганы бар, андан мурунку тогуз тендерди жеӊип алганын эсептебей эле коёлу. Былтыр эле Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулган кѳчѳ ремонттоо боюнча тендерди утуп, тʏрк кредитинин эсебинен 86 млн.сом сомду тууралаган. Анан 11 млн. 902 миӊ сомго дагы бир Бишкектеги кѳчѳгѳ асфальт тѳшѳѳ милдети тендер аркылуу “Градиентке” жʏктѳлгѳн.
Кыскасы бир жыл ичинде “Градиент” Бишкек мэри аркылуу ʏч кѳчѳнʏ оӊдоп, Бишкек мэриясына мотор майлар менен камсыз кылган. Анан Нарын мэрин торуп 8 млн. 862 миӊ 600 сомго 1.5 км аралыктагы жолду оӊдоо тендерин да утуп алып жатпайбы. Эгерде ал азыр бийликке келсе, биз бир гана тендер өткөзүү менен гана иш жүргүзүп каларыбыз бышык.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»