www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эмнени каалайсыңар? Маскарапоз келди, жада калса ал кандуу!” – деп бүгүн Украинанын экс-депутаты Алексей Журавко жергиликтүү “Спутник” радиосунда маек берип жатып өлкө башчысын сынга алды.
Анын айтымында Владимир Зеленскийдин бийликке келишине украиналык саясий ишмерлер көбүрөөк салым кошкон. Анткени учурдагы президент атаандашы Петр Порошенкодон айырмаланып, Донбасттагы согушту токтоторуна чоң ишеним болгон. Бирок көпчүлүк күткөндөй болбой, куралдуу чыр-чатакка байланыштуу башаламан саясат жүргүзө баштаган.
Согушту баштоо оңой, токтотуу кыйын экенин кошумчалап, ал “Агрессиялык саясат жүргүзүп баштаган Владимир Зеленскийди токтотууга мүмкүн болбой калды. Украинаны дагы да талкалайт, адамдардын өлүмү дагы да боло берет. Донбасс дагы да азапка түшөт, албетте Ураина өзү мындан ары дагы азап тартат” – деп билдирди.
Булак: "NazarNews.kg"