www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Саясатчы Азимбек Бекназаров, досу Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков, учурда узун элдин уучуна кетип, кеп болуп жаткан Райымбек Матраимов тууралуу “Жаңы ОРДО” гезитине үн катты.

Рамазан айы кечиримдүүлүккө чакырат эмеспи. Досуңуз менен өткөн-кеткенди унутуп, элдештиребиз дегендер чыгып жатса, элдешкенге неге болбосун? 

 Мен тескерисинче айтат элем. Мен, Атамбаев, Жээнбеков пайгамбар жашына келип калдык. Орозонун башында туруп, экс-президент менен азыркы президентке экөөңөр эрегишпей, Орозонун ичинде тил табышып алгыла, кыргыз улутунун кызыкчылыгы үчүн деп айткым келет. Экөөнүн саясий тирешинен саясат дагы майдаланып баратат. Болор-болбос нерсени ызы-чуу кылып жиберишүүдө.

Мисалы, Матраимовдун деңгээлинде ызы-чуу кылышты. Матраимов деле кыргыздын баласы. Чоң саясатчы эмес да. Аны жөн эле мамлекеттик деңгээлге көтөрүп, “монстр” кылып дүңгүрөтүп жиберишти. Президенттер төмөн түшпөсө, андан көрө улуттун эртеңкисин, келечегин карап, кен-байлыктарыбызды өзүбүз иштетсек, элди ойлосок деп экөө жарашып алса дегенди айтып жатам. Жеке кызыкчылык менен тиреше берсе, мамлекетке, коомго зыянын тийгизип жатканын көрүп жатам.

Мен дагы саясатчымын да, ушул убакка чейин кимдир бирөөгө катуу сөз айтып койсом, Рамазан айында баарынан кечирим сурайм. Өзүм дагы кимдир бирөөгө таарынып жүргөн болсом, аларды дагы кечирем. Бирок, бул Атамбаев экөөбүздү элдешип алды деген сөз эмес. Атамбаев экөөбүз душман болгон эмеспиз. Саясий көз карашта бири-бирибизди сындап жүрөбүз. Адам катарында бири-бирибизге ат мингизип, дос болуп жүргөнбүз. Атамбаев экөөбүз эртели-кеч тил табышабыз деген ойдомун. Ал эми азыркы президент менен болгон мамиле жакшырып баратат. Ал “Кемчилигимди түз айтып турганыңарга ыраазымын” деп айтып жатат. Экөөбүздүн ортобузда таарыныч жок.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости