www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бабановдун мээси бар, байлыгы бар, бирок жүрөгү жок. 2005-жылы октябрда Рысбек Акматбаевдин иниси ЖК депутаты Тынчтыкбек Акматбаев түрмөлөрдү текшерип жүрүп Батукаев тарабынан жырткычтык менен өлтүрүлөт. ЖКнын депуттары ал кездеги депутат, азыркы президент баш болуп, биринчиден кыргызчылык кылып, экинчиден, Рысбек Акматбаевге эсептелиш үчүн, ар бири анын колун кармап, көңүл айтып келишет.

Жети дубан эл келип жаткан соң, Болот Шерниязов баш болгон таластыктар кур калмак беле, алар да кыргызча жайын айтып барышып, оокат-ашын ооз тийип, кетүүгө даярданып Рысбекке келишип колун кысышып, жайын айтышканы соң, ал келгендери үчүн рахматын айтып, Болот Шерниязовго кайрылып: “Сизден бир сураныч, алдагы Өмүрбек иниңизди калтырып кетиңиз, муну менен өзүмчө сөзүм бар эле”-дегенде Бабанов шымын булгап, өң-алеттен кетип,купкуу болуп калыптыр. Муну байкаган Болот Шерниязов иниси Бабановду ит-кушка салдырып бербей, Акматбаевдин ар-жак бер жагына чыгып, кыргыздын салт, нарктуу сөздөрүнөн кеп салып, Рысбекти ийитет да өңү боз ала болуп, башын салып турган Бабановду Чолпон-Атадан аман-эсен алып чыгып кетет.

Акматбаевдин үйүнөн жаңы узай бергенде Бабанов машинаны тез токтотуңузчу деп өтүнөт. Машина токтоор менен шамалдай учуп түшүп эле кан кусуп жибериптир. Муну менен бирге баргандар Бабанов болбой калды, бул бала Рысбектен коркконунан кан кусуп жиберди деп калышыптыр.

Эмне себептен Рысбек Бабановду “кал” деди, Кулов деген Батукаевдин досу Бакиевге каршы 5-6 ай мурун талапкердигин койгондо анын штабын Атамбаев жетектесе, Бабанов болсо Атамбаевдин “кол баласы” болгон. Ошол кырдаалга көз салып турган Рысбек Бабановдун былыктарын билген, анын инисин Батукаев мыкаачылык менен өлтүргөн соң Бабановдун да салмагын таразалашы мүмкүн.Куловдун жеңиши үчүн Атамбаев, Бабановдор акчаларын чачканы чын, ал эми жандосу Батукаев кантип акча чачпай койсун. Батукаев менен Куловдо кеги бар Рысбек Акматбаев, анан кантип Бабановдорду сүйсүн?

Бабановдо акыл бар, акча бар, бирок жүрөк жок, бүгүн Бабанов өзүн эр жүрөк сезбесин, анткени ал жүрөгүн эбакта эле Чолпон-Атага калтырып келген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости