www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Экс-депутат Надира Нарматова NazarNews.kg маалымат агенттигине кайрылып, өлкөдө жаралып жаткан көйгөйлүү маселесин коомчулукка, депутаттарга, бийликке жолдоду. Анын пикири төмөндө толугу менен:

“Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөт башчысы менен анын мүчөлөрүнүн кулактарына күмүш сырга!

Мамлекеттин коопсуздугу коркунучта! Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга кирип, кайра чыгып кетүүсүн көзөмөлдөөчү ИИМ жана Миграция кызматы өлкөбүздө барбы! Мамлекеттин ичине кирип жаткан кошуна Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин жана башка чет өлкөдөн келген жарандардын өлкөгө кирип-чыгуусун көзөмөлдөгөн, киргенден кийин, чыгып кетүүсүн иретке келтирип, тактаган миграция кызматы менен ички иштер министрлиги кайда карап олтурат.

Анткени, жаңы кабыл алынган кодексте чет өлкөлүк жарандардын киргенден кийин, чыгып кетүү көзөмөлү каралбай калгандыгы, чыкпай жүргөн чет өлкөлүк жарандарга мыйзамдуу чара көрүү, жазага тартуу, жоопкерчилигин талап кылуу, жок дегенде айып пул салууга да ИИМдин 9, 10-бөлүмдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн алып салуу, керек болсо мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарды кара тизмеге киргизип, экинчи кайра келүүгө тыюу салуу да биздин өлкөдө жок экендиги бүгүнкү күндө өтө опурталдуу коркунуч жаратууда.

Мурда өлкөдө жүрүү мөөнөтү бүткөн чет өлкөлүк жаран, өлкө ичинде белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин бир күн өтүп кетсе да 10 миң сомдон айып пул салынып, мамлекеттин бюджетине пайда келчү эле. Азыркы кодексте ошол 10 миң сомдук айып пул алынып салынган.

Кара тизме түзүү жок. Кара тизме  түзүп, жаза колдонуу, кайра келтирбей коюу бир гана биздин мамлекетте жок экен. Орусияда жүргөн биздин мекендештердин кара тизмеге түшүп калуудан корккондугун, түшүп калса кайра кара тизмеден чыгуу маселеси канчалык оор экендигин билебиз. Президенттердин кийлигишүүсү менен кара тизмеден чыгаруу мамлекеттик деңгээлде Орусия мамлекетинин жетекчиликтери аркылуу чечилип жаткандыгын билип туруп, өзүбүздүн мамлекетке кара тизме түзүүгө, чыкпай жүргөн чет өлкөлүк жарандарга өзүбүз эч кандай чара көрүү маселесин мыйзамдаштырбай, тескерисинче жаңы кодекс аркылуу баарын жок кылып, миграция кызматынын, ИИМдин колу-бутун байлап койгон акыбалды кандай түшүнсө болот?

Чара көрүү, көзөмөлгө алуу жокко эсе. Тескерисинче чыкпай жүргөн чет өлкөлүк  жарандарды ИИМдин кызматкерлери эмне жүрөсүң деп да сурай албайт экен. Сөзүм кургак болбош үчүн, төмөнкүлөрдү айта кетейин. Кара-Суу району Өзбекстан менен чектеш. Бүгүнкү күндө Кара-Суу районуна, Ош шаарына Өзбекстандын жарандары эркин кирип, чыгат. Ал эми биздин жарандар Өзбекстанга кирип чыгуусу тыкыр көзөмөлгө алынып, убакыт сааты менен кирип чыгышат. Ошол эле мезгилде Өзбекстандын жарандары каалагандай кирип алып, 60 күн убактысы бүткөндүгүнө карабай, Кыргызстандын жети дубанын айланып, билген намазын окуп, каалагандай жашап, иштеп, бизнесин жасап, устачылыгын кылып, кыздары турмушка чыгып, төрөп, өзбек туугандардын санын көбөйтүп, балдарына Кыргызстандын жарандыгын алып берип жашоосун улантып жатышат.

Өзгөчө “Кара-Суу” базарында карапайым эл арасында уурулуктар, мыйзам бузуу фактылары көбүнчө Өзбекстандан кирип алып, чыкпай жүргөн жарандар аркылуу жасалып жаткандыгын, ИИМдин кызматкерлери Өзбекстандын жарандарын кайра чыгарып жибергенге колдонулуучу чаралар жок экендигинен улам башы катып олтургандыгын карапайым калк айтып жүрөт.

60 күндүк мөөнөттөн кийин кайра чыгып кетпесе мыйзамдуу жаза, айып пул, кара тизмеге киргизүү жана ИИМдин көзөмөл милдети жок болгондуктан каалагандай жүрүшөт.

Ушундай көзөмөл, жоопкерчилик жок болгондуктан, Өзбекстандын жарандарынын 5 күн ичинде убактылуу каттоого турууга да келбей, каттооого турбай, Кыргызстандын мыйзамдарын ойлоп койбой жүргөндүгү өкүнүчтүү. Бул факт.

Чек араларыбыз толук такталып, делимитация, демаркация иштери бүтпөй жатканы аз келгенсип, мурдагы мыйзамдарды иштеп турган, сырттан кирген чет өлкөлүк жарандардын кайрадан кирүү мөөнөтү бүткөндөн кийин, көпчүлүгү чыгып кетпей өлкө ичинде каалагандай басып жүргөн фактылар толтура экендигине, алар квартираларга жайгашып, түрдүү уурулук, сойкулук кылып, кыргыз жарандарына турмушка чыгып, 3-4 бала төрөп, майда улуттардын санын көбөйтүү максаттары өкүм сүрүп жатканы элибизди тынчсыздандырып жаткандыгына ички иштер кызматы, миграция кызматы, бардык эле укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийликтин кайдыгер карагандыгын кандай түшүнсөк болот?..

53 миллион евро талап кылынган кодекстерди ким жазган деген суроо өзүнөн өзү келип чыгат. Атайылап кодекстерди жазгандар, Кыргызстанды чет өлкөлүктөр тынчтык жолу менен басып алсын деп мурдагы жазаларды жок кылып, каалагандай келип жашай бергиле деп, көзөмөл, жоопкерчилик деген нерселерди жок кылып, Миграция, ИИМдин колу-бутун байлап койгонбу?

Учурунда Аскар Акаев айткандай накта "Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз" -деген сөзү эми болгону жатабы? Кодексти жазган авторлор, кабыл алган депутаттар жооп берсин. Кодекс кабыл алынып жатканда Миграция кызматы, ИИМ, Өкмөт, ЖК депутаттары кайда карап мыйзамды кабыл алышкан. Бул жакшы маселе эмес.

Биздин жарандар кошуна мамлекеттердин аймагына чочулап, араң кирип чыкса, кошуна мамлекеттин жарандары Кыргызстанга кирип алып, 60 күн бүткөндөн кийин да жоопкерчилик тартпасын билип алып, чыкпай каалагандай айланып жүрөт. Эмне деген эгемендүү мамлекет болдук?.. Ошондуктан, тез арада ЖК депутаттары, Өкмөт бул багытта кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, карап чыгуусу керек деп ойлоймун.

Таң калычтуусу, ушундай акыбалды билип туруп, ИИМдин, Миграция кызматынын унчукпай олтурганы түшүнүксүз. Кошуналар тынчтык жолу менен кирип жайгашып, биротоло басып алганда чочугандай ойгонобузбу?

Мен ЖК менен өкмөттөн талап кыламын! Тез арада жогоруда белгиленген маселе боюнча кодекске өзгөртүү киргизүү керек. Менин сөздөрүмө ишенбесеңер, атайын ЖКдан, коомдук активисттерден, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн Миграция, ИИМдин өкүлдөрүнөн катыштырып, атайын ведостволор аралык комиссия түзгүлө, комиссияңарга коомдук ишмер катары мени да кошуп койгула. Жеринде тактап чыгалы.

Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абад, өзгөчө Кара Суу районунда, жалпы эле Бишкек, Чүй облусунун аймактарында канчалаган Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын ж.б. чет өлкөдөн келип, кетпей жүргөн жарандары мыйзамсыз жашап жаткандыгы, алар тараптан бузулуп жаткан мыйзамсыздык орун алгандыгын, ИИМ жана миграция кызматкерлеринин кодекс аркылуу колу, бутун жипсиз байлап койгондугубузду тактап, аныктап чыгалы.

Көптөн бери тынчсызданып күтүп жүрдүм. Тилеке каршы, өзгөчө Ош, Кара-Суу, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында кошуна өлкөлөрдүн жарандарынын көбөйүп кетиши биз үчүн ийгилик эмес. Коопсуздугубузга шек келүүдө. Кеч боло электе ойлонгула!” –дейт Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, вице-спикер, коомдук жана саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости